Пример HTML-страницы

«Манас» эпосундагы Чоң казат​ биздин заманга чейинки 90-жылы болгонбу?

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунун тургуну, филолог, санжыра иликтөөчү Кабылбек Жумабаев аймактык кабарчыга «Манас» эпосундагы тарыхты айтып берди.

— Кабылбек агай, «Манас» эпосунда тарых элеси бар деп айта аласызбы?

— «Манасты» эпос, элдик оозеки чыгарма дешет. Бирок чыгарма дейин десең, илим али далилдей элек рухий экстаз менен айтылат. «Манаста» тарых изи бар. Мисалы, Көкөтөй өлөрүндө: «Көз жумсам, жасатымды кор кылбай, кылыч менен кырдырып, кымыз менен жуудуруп, чарайна менен чаптатып, булгары менен каптатып, айга баккан ак сарай, ак сарайга беттеп коё көр! (айдын алдындагы ак сарайга каратып кой)» деп керээз айтат. Бул болсо азыркы «өлүк коюлду» дебестен, «сөөк коюлуп калды» деген сөзгө туура келет. Көрсө, өлүктүн этин шылып салып, сөөгүн гана чаначка салып келип, Ата Мекенине (мазарга) коюшкан экен. Ошол салт кыргызда болгонун​ биз «Манас» эпосунан көрүп турабыз.

— Кайсы тарыхый окуялардын «Манас» эпосунда бар экенин белгилеп көрсөтө аласыз?

— «Манас» эпосунда Алмамбеттин арманы катуу эргүүдө, терең психологиялык анализде айтылат. Бул элсиз тентиген, чыккынчы саналган адам тагдыры, жалгыз жандын арманы. Алманбеттин тагдырына окшош келген тагдыр кытай тарыхында сакталып калган.

Биздин заманга чейинки 99-жылы хуннуга каршы келген кытай кол башчысы Ли Лин​ хуннулардын колуна туткун болуп түшүп калып, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында хунну ханынын кызына үйлөндүрүлүп, хунну атынан Боро-Хоро тоо кыркасындагы кыргыз журтун​ башкарууга жөнөтүлөт. Анын арманы ушул болот. Туткунга түшүп калды деп, кытай тарап Кытайда калган үй-бүлөсүн, туугандарын кырып салат. Кытай жеринде Ли Линдин таламын талашып, актоого аракет жасаган аттактуу тарыхчы Сыма Цянь бүт чиндеринен ажыратылып, сүргүнгө айдалат. Так эле «Манастагыдай» болуп биздин заманга чейинки​ ​90-жылы Ли Лин өзүнүн мурдагы Ата Мекени болгон​ Кытай өлкөсүнө кыргын кылып, кол салган армияны баштап барат. Биздин заманга чейинки 104-жылы күлүк аргымактарды олжолоп тартып келебиз деп,​ Кытайдан Анжиянга (Даван, Фергана) барган Ли Гуанли да ушу Ли Линдин тууганы болгон. Ли Линдин уулу ордодогу так талашка да аралашып, биздин заманга чейин 56-жылы өз кишисин хунну ханы кылып кыска убакытка коё алган. Ал да атасы сыяктуу кыргыз журтун башкарып келген.

— Манас ысымын кантип чечмелесе болот?

— Манас ысымынын чыккан теги, мааниси боюнча ар түрдүү версиялар бар. Илимде бир пикир түзүлө элек. Менимче, «Ван» деген байыркы даража-атакка «аз» деген сөзү бириккен. Ошондон «ван, аз» сөздөрү кийин тилибизге ыңгайлашып, Манас болуп калса керек.

​ — Ошол «ван» сөзү кайдан, качан чыккан?

— Хунну жалпысынан 24 уруудан турган. Анын үч уруусу — куян, лань жана сюйбу өзгөчө, уютку, ак сөөк​ уруу саналган. Куян уруусунун башчысы Ван аталган. Бул хунну дүйнөсүндө эң сыйлуу даража.

— Кызыктуу маалыматыңызга рахмат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE