Пример HTML-страницы

Манап Б.Шаадыкан уулуна эл «Кырк жигит Бектен» деген наам беришкен. Ал наамдын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор өрөөнүнүн азыркы Кум-Дөбө аймагында 19-кылымда Бектен Шаадыкан уулу деген манап жашаган. Ал эл оозунда «Кырк жигит Бектен» деп атак алган. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Бектен Шадыкан уулунун эмне себептен «Кыркы жигит Бектен» деген атка конгонуна кызыгып көрдү.

Кыргыздын баатырдык эпосторунда Манастын кырк чоросу болсо, Курманбек, Эр Табылды сыяктуу баатырларынын кырк жигиттери болгон. Ушундан улам кыргыз феодалдары бабаларыбыздан калган адет деп кырк жигит кураган экен. Кокон хандыгы заманында солто уруусунан Канай Түлөберди уулу, саяктан Тайлак баатыр Ырыскул уулу, сарбагыштан Шабдан Жантай уулу, бугу уруусунан Балбай баатыр Эшкожо уулу жана башкалардын кырк жигити болгон. Кырк жигити бар деген атагы болгон менен Шабдандын жигити он-он бештен ашкан эмес экен. Бектен Шаадыкан уулу да жанына кырк жигит ээрчитип жүргөн экен.

Тарыхка назар салсак, сарбагыш уруусун 1750-1766-жылдары Черикчи бий Темир уулу (туулган жылы белгисиз, 1785-жылы каза болгон) башкарат, 1750-1766-жылдардагы сарыбагыш уруусунун башчысы.

Жунгар мамлекети кулагандан кийин кыргыздарды өз тарабына тартууга аракеттенген Цин империясынан кыргыздарга элчилер келе баштайт. Алардын бири — Урдэна 1758-жылы Черикчи бийге жолугуп, Жунгар башчыларын колго түшүрүүдө жардам берүүсүн сурайт. Андан кийин ушундай маселе менен Чыгыш Түркстандагы аскер башчысы Чжао Хуэй Черикчи бийге кайрылат жана императордун сарайына кыргыз элчилерин жөнөтүү керектигин ынандырууга аракеттенет. Бул маселени Черикчи бий жалгыз өзү чечпестигин жана улуу башкаруучу Мааматкул бийдин макулдугу менен гана ишке аша тургандыгын билдирет. Көп узабай Чжао Хуэй Мааматкул бийге жолугуп, Кытайга кыргыз элчилерин жөнөтүү тууралуу анын макулдутун алат. Натыйжада Черикчи бий жетектеген кыргыз элчилери саяктан Түлкү Айты уулу, солтодон Ныша Кудайменде уулу 1758-жылы Кытай императорунун кабыл алуусунда болуп, алардын бийлигин тааныгандыгын ооз жүзүндө билдирип, согуштук жөндөмү менен таанышып кайтышат. Император Черикчи бийге 3-даражадагы чиндик белги тапшырат. Бирок Черикчи бий Цинь империясынын кыргыз конуштарына көз арткан саясатына каршы турган. 1760-жылы Жунгар жетекчилерин издеп жүрөбүз деген шылтоо менен кыргыз конуштарын аралап жүргөн Кытай отрядына Черикчи бий Ысык-Көлдө сокку урган.

1760-жылдардын аягынан кийин сарбагыш уруусунун бийлиги жакын туугандары Эсенгул жана Атаке баатырларга өткөн. Черикчи бийдин 12 уулунан тараган тукумдар Кочкор өрөөнүндө жана Чүй районунда турушат. Черикчиден Борколдой, Жаныбек, Абайылда, Жаманкара, Мама, Караменде, Бекбото, Адылбек, Дайырбек, Карабай, Манапбай, Кенжетай, он эки уул тараган. Абайылдадан деген уулунун үч аялы болуптур. Ботокөз деген улуу аялынан Шербото, Нарбото, Төрөкелди, Шадыкан, Бекий, Коондук, Капсалаң, Асыл, Пазыл, экинчи аялдан Шеримбек, Ыбыке. Үчүнчү аялдан Кыдык. Булардын баары эр жүрөк баатыр болушкан. Төрөгелди баатыр 1798-1799-жылдары Кочкор өрөөнүндөгү Кочкор-Атага жакын жерде төрөлүп, 1868-жылы ошол жерде дүйнөдөн кайткан. Ормон хандын кол башчысы болуп, эр жүрөк баатыр адам болгон. Төрөгелдиден Шамыркан, Батыркан, Үркүнчү, Карасай, Чоткара. Шамыркандан атактуу акын Молдо Кылыч төрөлгөн. Үркүнчүдөн Өтөмбай, Кудайберген. Кудайберген өзгөчө таланттуу адам, чебер комузчу болгон. Абайылданын төртүнчү уулу Шадыкан казак султаны Кененсарынын экинчи жортуулунда Ноорузбай менен жекеме-жеке сайышка чыгып, жарадар болгон. Ошонун айынан жакшы боло албай каза болгон. Шадыкандан Бектен ажы. Бектенден Токтосун, Алиаскар. Токтосун да өзгөчө калыс, мыкты адам болгон. Ыбыкеден Канат, Касым, Байдалы. Канат Ыбыке уулу 1916-жылы Улуттук көтөрүлүштү жетектеген. Кыдыктан Жаркынбай, Чубуй, Осмоналы төрөлгөн (тарыхчы Осмоналы Сыдыков).

Тарых иликтөөчү Кайырбек Коңурбаев Кум-Дөбө айылынын түштүк жагында токойдун жээгинде Бектендин күмбөзү жана анын уулу Токтосундун күмбөзү болгондугун, кийин ал урап жер менен жексен болгонун айтат. «Сарала-Саз жайлоосунда “Бектендин чуңкуру”, Чекилдек айылында “Токтосун Арал” деген жерлер бар. Илгери Токтосун малын багып турган жер, “Токтосун Арал” аталып калган экен. Болжолу 40 гектарга жакын жер болот», — деди ал.

Тарых иликтөөчү Кабылбек Жумабаев: «Бектен Шаадыкан уулунун бир нече аялы болгон окшойт. Экинчи аялы бугунун бапа уруусунан экен. Ошол аялы: «Сени Шабданга тең кылам» деп, бапа уруусунан мыкты жигиттерди алып келип, кырк жигит курап берген экен. Ошол кезде эл бийлеп турган Шабдан Бектенге өчөшүп калыптыр. Бектен ошентип кырк жигит күтүп, манаптык сөөлөттү башынан кечирип, элин коргоп турган экен. Эл ичинде «Кырк жигит Бектен» деп атак алыптыр. Азыр да Кум-Дөбөдө Бектендин жигиттеринин тукумдары өздөрүн “бапабыз” деп айтышат», — деди.

Бектен Ормон хандын уулу Үмөтаалы менен жакшы мамиледе болгон. Кийинчерээк кырк жигит Бектендин эл ичинде жасаган зөөкүрлүк кылыктары ашкереленип, тууган арасына батпай калган дешет. Бектен Шабданга тең болом деп, жигит курап зөөкүрлүк да кылып, атагын чыгарган. Бир күнү келе жатса алдынан жайылган койлорду көрөт. Арасында куйругун көтөрө албаган семиздерине көзү түшөт. «Бул кимдин койлору?» деп сурайт. «Болжурдуку?», «Болжурдун болуп турган кези экен!» деп бастырып кетет. Келип жигиттерин Болжурга жиберет. «Эки ирик сурап келгиле» дейт. Жигиттер барганда Болжур куру кол кайтарат. Ошондо жигиттерин жиберип, атка сүйрөтүп келиптир. Бектендин маңдайына отургузганда: «Ирик эмес, бүт малымды алып, жанымды аман кой» деп жалдыраган экен. Ошентип байдын эки иригин алыптыр.

Бектендин бир аялы Жийде Жантайдын кызы экен. Ал кыз төрөгөндө: «Кийин бирөөнүн катыны деп кыз күтпөйм» деп таш короонун үстүнө таштатып, кыштын күнү тоңуп өлөт. Чыркырап урушкан аялын боорго тээп жиберсе өлүп калыптыр. Жийденин аталаш иниси Шабдан Жантай уулу анын өчүн алууга кам көрүп, аттаналы дегенде кар жаап, ашуулар жабылып калат. Ошол учурда кадимки Куйручук келип калат. Шабдан: «Бектендин жинин кага аласыңбы?» дейт. Куйручук «кагам» деп, Шабдандан бир күлүк ат менен жүз сом акча берүүсүн сурайт. Бектен Токмок базарында зөөкүрлүк кылып, кишилерди кармап алып: «Мени башка чаап, отуз сом бер, же мен сени башка чаап, жүз сом берейин» деп тийишет. Тигилер акчасы жок, бир чети коркуп качышат. Анын бул адатын билген Куйручук бастырып барат. Ал Куйручукка тебетейин алып: «Кыйын болсоң, мени башка чаап жүз сом бер, же мен сени башка чаап жүз сом берейин» дейт. Куйручук жүз сомду көрсөтүп, «тос башыңды» дейт. Куйручуктан жүз сом чыгат деп ойлобогон Бектен башын тосот. Даяр турган Куйручук чокуга бир салып, жүз сомду ыргытат. Өзү күлүк атка камчы басып, жеткирбей жөнөп кетет. Төбөсүн баскан Бектен жердеги чачылган жүз сомдун үстүнө кулаптыр. Кийин «башым» деп ооруп жүрүп каза болот. Кийинки жылы уулу Токтосун Сарала-Сазда атасына аш берет.

Токтосун калыс, мыкты адам болгон. 1916-жылы Улуттук көтөрүлүштө Канат Ыбыке уулу, Мөкүш Шабдан уулу, Көкүмбай Чыны уулу, Самүдүн Шабдан уулу, Кемел Шабдан уулу, Белек Солтоноев, Алымкул Таабалды уулу, Сулайман Корчу уулу, Мамбеталы Мураталы уулу, Курман Лепес уулу, Султан Далбай уулу, Боромбай Сазан уулу, Сопубек Шамен уулу, Ыбрайым Төлө уулу, Баяке Шадыкан уулу, Жийдебай ажы сыяктуу Токтосун Бектен уулу да көтөрүлүштү жетектеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE