Мамлекеттен алган 100 миң сомго бизнес баштаган Н.Калкешеванын ийгиликтери

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургуну Нургүл Калкешева аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн бөлүнгөн 100 миң сомдун аркасында жашоосу болуп көрбөгөндөй өзгөргөн.

Turmush басылмасына берген маегинде билдиргендей, ал учурда Кара-Балта шаарындагы базарда жеке соода түйүнүнүн ээси. Косметолог кесиби боюнча билим алып, сулуулук салонунда иштейт. Учурда дагы да болсо жаңы билим алып, алдыга умтулуудан талбай келет.

«Мен 37 жаштамын, түпкү тегим Таластан болот. Мектепти аяктаган соң Нарын жергесине келин болдум. Андан кийин жолдошум экөөбүз Кара-Балта шаарына көчүп келдик. 11 жыл мурун болчу. Бул жерде батирде турдук. Жолдошум кароолчу болуп иштесе, мен 3 баламды карап үйдө отурдум.

Биз социалдык коргоого каттоого туруп, аз камсыз болгон үй-бүлө катары балдарга жөлөк пул алып турдук. Үйдө отуруп, көп салмак кошуп, өзүмө кам көргөн жокмун. Социалдык келишим тууралуу билгенимде биринчилерден болуп, чекене соода боюнча бизнес-долбоор жаздым.

2022-жыл болчу. 100 миң сом алып, мен жана мэриянын өкүлү (социалдык камсыздоо кызматкерлери же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик акчанын сарпталышын көзөмөлдөйт) Бишкектин “Дордой” базарына бардык. Ал жактан бардык акчама шейшептерди сатып алып, уюм-мекемелерге саттым», — дейт ал.

Пример HTML-страницы

Нургүл Калкешева товарды жумушчулардын айлык маянасынынын келишине ылайыктап берген.

Жолдошу экөө досторунан айына 4 миң сомго унааны ижарага алып, күн сайын (жолдошу кароолчу болуп иштегендиктен) уулу менен шейшеп сатууга кетишчү.

«Биз айылдарга да барганбыз. Таңкы саат 06:00дө чыгып, түнкүсүн кайтып келчүбүз. Жолдошум жумушта жүргөндө убакытты текке кетирбеш үчүн ылдыйкы базардан кымбат эмес (айына 3000 сомдон) контейнерди ижарага алып, ал жактан да соода кылчумун. Бул абдан кыйын болду. Жолдошум, улуу балам экөөбүз абдан эле чарчап жүрдүк, бирок жакшы акча таап жаттык. Убакыттын өтүшү менен бул контейнерди базардан сатып алдык», — дейт ал.

Иш алдыга жыла баштаганда Нургүл айым ушуну менен эле токтоп калган жок. Ал контейнерге сатуучу жалдап, өзү медициналык колледжге тапшырды. Учурда жалпы дарыгерлик практика факультетинин 2-курсун аяктап жатат.

«Үйрөнүүгө эч качан кеч эмес, тескерисинче, жыл өткөн сайын маалымат бир топ натыйжалуу кабыл алынат. Анткени адамдын максаты бар жана ага бул билим эмне үчүн керек экенин билет. Каникул учурунда Москва шаарына барып, 50 миң сом төлөп, косметология курсун бүтүрдүм. Азыр укалоочу (массажист) адистигине окуп жатам. Учурда сулуулук салонунда иштейм.

Жаңы билимдерге, эмоцияларга жана пландарга толгон бай жана кызыктуу жашоом бар. Ал эми жакында эле өлкө президенти С.Жапаровдун катышуусунда “Социалдык келишим” долбооруна арналган конференцияга катыштым.

Бардык иштериме жолдошум жардам берет. Улуу балам Суворов окуу жайына (Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи) тапшырды. Өзүм менен кошо сырткы келбетим да өзгөрдү. Диета кармап, спорт менен машыгып, өзүмө кам көрө баштадым. Турак жай маселеси да чечилди. Мына ушунун баары үй-бүлөбүздүн башын кошкон жана жакшы каржылык жардам берген 100 миң сомдун аркасында», — деп сөзүн жыйынтыктады Нургүл айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️