Пример HTML-страницы

Мамлекетке өткөн «Бугу» жана «Макиш» базарларында ижара акысы канча сомго арзандайт?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКаракол шаардык кеңеши кезектеги жыйында мамлекеттин карамагына өткөн базарлар боюнча маселени карады.

Анда «Муниципалдык соода-базар» муниципалдык ишканасы түзүлгөнү айтылып, ишкананын ченемдик укуктук актыларын бекитүү маселеси каралды.

Ишкананын жетекчиси болуп Руслан Бейшеев дайындалганы маалымдалды.

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Нуржигит Турсунбеков базардагы орундарды ижарага берүү тарифи, ишкерлер менен түзүлүүчү келишимдер тууралуу маалыматтар кеңешке берилгенин маалымдап, аны бекитип берүүнү өтүндү.

Анын айтымында, ижара акыларынын баасын коюуда «базар мамлекетке өткөндөн кийин ижара акысы арзан болсун» деген тапшырма эске алынынды. Ошондой эле, баалар базарды градацияга бөлүү менен коюлганын билдирди. Соода-сатык көп болчу жер, базардын борбору, капиталдык курулуш иштери жүргөн жана соода жакшы болбогон аймак боюнча бөлүндү. Соода аянты квадрат метри менен эсептелинет.

Ишкананын штаттык бирдиги 10 адам — директор, башкы бухгалтер, юрист, мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адистер, контролер, электрик, кароолчулар.

Ишкана жетекчиси Руслан Бейшеев эки базарда 241 соода орду бар экенин айтып, анын ар биринен ижара акылары 300 сомдон арзандаганын билдирди.

Сессиясынын жүрүшүндө эл өкүлдөрү мекеменин уставы, ижара акыларын эсептөө боюнча бир канча талаш-тартыш суроо-жооптордон кийин «Муниципалдык соода-базар» ишканасынын уставын алымча-кошумчалары менен бекитти. Ал эми ижара акысын кийинкиге калтырып, бардык сунуштарды эске алуу менен кийинки сессияга даярдоого тапшырды.

Жыйында базарда ишкерлик кылгандар да катышып, элге жеңилирээк баалар менен ижара акыны бекитүү керектигин суранышты.

2024-жылдын февраль айында УКМК тарабынан жарандардан түшкөн арыздарды кароонун алкагында өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси Р.А.Т. кармалган.

Маалыматка караганда, Р.А.Т узак мезгил аралыгында көрсөтүлгөн рыноктордо иш жүргүзгөн ишкерлерден акча чогултуп, ошону менен бирге алынган пайданын жалпы реалдуу жүгүртүлүшүн фискалдык органдардан жашырып келгендиги аныкталган.

Мындан тышкары, соода жайларын бир эле адамдарга бир нече жолу сатуу фактылары башка ишкерлерге өткөрүп берүү коркунучу менен аныкталган. Чогултулган материалдардын негизинде, кылмыш ишинин алкагында Р.А.Т.га таандык турак-жай жана коммерциялык объектилерди кармоо жана тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE