Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Майрам күнү Жалал-Абадда 14 мас айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 21-мартта Жалал-Абад облусунун аймагында мас абалда унаа башкарган 14 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 21-март күнү жалпы 207 айдоочу жол эрежесин бузган. Бул күнү Жалал-Абад облусундагы жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты.

Жол эрежесин бузган айдоочулардын ичинен:

— унаанын же айдоочунун тиешелүү документтери жок 2 учур;

— унааны ашыкча ылдамдык менен айдаган 54 айдоочу;

— спирт ичимдигин ичип алып унаа башкарган 14 айдоочу;

— унаанын айнектерин уруксаты жок караңгылаткан 1 айдоочу аныкталды.

Бир күндө 11 унаа айып короого киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE