Майор Жимсари Цурова дүкөн ээлеринен ири суммадагы акча алдап жүргөн жигитти колго түшүргөн

Акыркы жанылыктар

Turmush«Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун Аламүдүн РИИБдин Таш-Дөбө аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электер инспекциясынын аймактык тескөөчүсү, милициянын майору Цурова Жимсари Вахавна. Ал Turmush басылмасынын кабарчсы менен болгон маегинде кичинекей кезинен эле милиция кызматкери болууну самаганын айтып берди.

Каарманыбыз 1990-жылы төрөлгөн, үй-бүлөлүү, 2 уулдун апасы.

«Жогорку юридикалык билимим бар. Ички иштер министрлигинин Э.А.Алиев атындагы академиясын 2013-жылы аяктагам. Милицияда иштеп, мекенимди коргоп, кызмат кылуу менин бала кездеги кыялым болчу. Бала кездеги кыялым орундалды десем болот. Үзүрлүү эмгектин арты менен «Азамат», «Кыргыз милициясына 95 жыл», «Милициянын мыктысы» төш белгилери, медалдар менен сыйландым.

Мектептен берки хоббим — спорт. Жеңил атлетика менен алектенип, көптөгөн мелдештерге катыштым. 2-категориядагы спорт чеберине талапкермин. Келечекте эмгек жолумда чоң ийгиликтерге жетишип, уулдарымды өз өлкөсүнө татыктуу атуулдардан кылып тарбиялоо максатым бар», — деди ал.

Жимсари Цурова кызмат учурундагы эсте калган кызыктуу окуяларынан айтып берди.

Пример HTML-страницы

«Кызмат учурунда ар кандай учурлар көп болгон. Бирок эң эсте калганы телефондук алдамчылык менен алектенген адамды кармаганым болду. 27 жаштагы эркек киши дүкөндөргө кирип, көп суммага азык-түлүк сатып алып, телефондон акча которчу экен. Бирок эмнегедир ал которгон акча дүкөн ээсине түшчү эмес. Ал ошол дүкөндөн дароо алыстап кеткенге үлгүрчү. Мындан сырткары эки телефон насыяга алып, бирок төлөгөн эмес. Мындан улам бизге бир топ арыздар келип түштү. Мен бардык видеокамераларды карап, аны териштирип, сураштырып баштадым. Ал видеокамерага да көп түшпөгөнгө аракет кылганы байкалды. Ошентип отуруп анын изине түшүп, бир жумадан соң колго түшүргөнбүз. Кийин бардык зыян тарткан кишилерге чыгымдарын төлөп берген.

Милиция кызматкерлеринин жашоосундагы эсте каларлык окуялар көп болот. Дагы бир окуяны айтып берейин. Биздин оор жана оңой эмес ишибизде күн сайын ар кандай окуялар болуп турат, кээде кайгылуу, кээде жагымдуу. Албетте, жасалган жакшы иштерди гана эстегенге аракет кыласың. Элдин жыргалчылыгы үчүн адамдарга чындап жардам бергенде жана алардын жүзүндөгү жылмаюну көргөндө бул көз ирмемдер эсте калат.

Бир жолу 7 жашар кыз үйүнө жетпей, орто жолдон кичи автобустан түшүп калыптыр. Ал кокусунан туура эмес аялдамадан түшүп калганын, айлананын баары тааныш эмес жерлер экенин көрүп коркуп, ыйлай баштайт. Аны тегеректеп эл чогулат. Анан топтолгон кишилерди жана ыйлаган кызды көрүп жанына бардым. Чогулгандар жардам берүүнү каалап, ар кайсы суроону сурап жатышкан экен. Мен акырын гана кыз менен баарлашууга өтүп, ачык сүйлөшүүгө аракет кылдым. Ал акырын өзүн токтотуп, кайсы жерден түшкөнүн, каякка барыш керек экенин, ата-энеси жөнүндө айтып баштады. Ошентип болжолдуу айтылган дарек менен барып, үйүн таптык. Кыздын апасы бизди ушундай кучак жайып тосуп алды. Алар кучакташып, көздөрүнөн жаш акканча сүйүнүшкөн. Муктаж болуп турган учурда жардамым тийгенине аябай сүйүндүм. Аял катары дагы өз кесибим менен мамлекетиме пайда алып келгениме сыймыктанам», — деп сөзүн жыйынтыктады каарманыбыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️