Пример HTML-страницы

Майор Уланбек Чукуев күйөө жолдош болуп барып, өмүрлүк жарын жолуктурган

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Уланбек Чукуев менен Насият Орозакунова. Уланбек Чукуев досунун тоюна күйөө жолдош болуп барып, анын кайын эжесин жакшы көрүп калган. Turmush басылмасынын кабарчысы майор менен маектешти.

Ал 1981-жылы 3-апрелде, жубайы Насият Орозакунова 1982-жылы 28-августта төрөлгөн. Уланбек Чукуев милициянын майору, Сокулук РИИБдин Новопавловка айылдык милиция бөлүмчөсүндө милициянын улук аймактык ыйгарымдуу өкүлү болсо, жубайы жеке ишкер.

«Жубайым экөөбүздүн тең юриспруденция боюнча жогорку билимибиз бар. 2002-жылы досум үйлөндү. Мен күйөө жолдошу болуп шайландым. Ошентип кудага Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына бардык. Ошол жерден досумдун бир тууган кайын эжесин бир көрүп жактырып калдым. Ал дагы мени жактырып калыптыр. Тактап айтканда, бир көрүп эле сүйүү пайда болду. Анан дагы бир жолу жолугуп сүйлөштүк. Чынында мен издеп жүргөн сүйүктүү жарым болуп чыкты. Үчүнчү жолу жолукканда колун сурадым. Ошону менен эки ай сүйлөшүп, анан баш коштук.

Тагдырды караңыз, экөөбүз тааныша элек кезибизде эле жашообузда кандайдыр бир байланыш болуп жүргөн экен. Бойдок кезимде нан бышырган цехте иштеп калдым. Биз менен чогуу Асел деген эже иштечү. Бизге цехтен эртең менен эки нан беришчү. Эмнегедир ошол эки нанымды Асел эжеге берип койчумун. Кийин белгилүү болду. Асел эже менин сүйүктүүм Насыят менен бир жатаканадан жашачу экен. Тактап айтканда, кайын эжем экен. Ошол мен берип жиберген нан сүйүктүүмө дагы барчу турбайбы. Чынында ошол жылдары акча табуу кыйын болчу», — деди ал.

Каарманыбыз кесиби менен үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.

«Милиция кесиби чынында оор деп айтсам жаңылышпайм. Күнү-түнү эл кызматындабыз. Кээде той-аш, жакшылык-жамандыкка бара албай калабыз. Аны түшүнгөнү бар, түшүнбөгөнү бар. Ошол үчүн «мен алган сыйлыктар, грамота, медалдын баары ошол мени түшүнгөн туугандарымдыкы, жакындарымдыкы» деп айтам. Менин кесибимди жубайым абдан жакшы түшүнөт. Мен сүйүнсөм кошо сүйүнүп, ыйласам кошо ыйлайт.

Чынында жубайым үйдө болсо да, биздин кесиптин кызматкерлерине окшошуп калган мүнөзүн байкап калам. Сыныктан башкасы жугуштуу дегендей, биздин жумуш терминдерин да 16 жыл ичинде жаттап калды. Негизи мүнөзү токтоо, сабырдуу жана чыдамкай. Анын мындай мүнөзү менен мен эл керегине жарап, кызмат кылып жатам. Үй-бүлөдө тынчтык, ынтымак болсо, кызматың, ишиң да жакшы жүрөт.

Азыр жаштарда, деги эле үй-бүлөлүк зомбулук көп болуп жатат. Аны мойнубузга алышыбыз керек. Кеп мыйзамда деле эмес. Кеп баягы эле жетишпеген жашоодо деп ойлойм. Бирок ар кандай кырдаал болот. Кээ бири жетишкен заманда жашап деле ызы-чуу чыгарып, ынтымагы жок экенин байкайсың. Мунун баары сабырсыздыктан, текеберчиликтен, шүгүрчүлүк келтирбегендиктен го. Бар нерсеңе шүгүр кылып, бири-бириңдин жылуулугуңа таянып, бири-бириңди сүйүп жашасаң эле баары жакшы болот. Адамга эч убакта материалдык байлык жетишпейт. Бүгүн 2 бөлмөлүү үй, шалдыраган унаа кааласаң, эртең эки кабаттуу үй, кычырагана унаа каалайсың. Ошентип түбү жок дүнүйө сени ээрчитип кете берет. Бар нерсеңе шүгүр кылып жашасаң, жүрөгүң тынч, ден соолугуң чың болот. Аракетиңди кылып эмгектене бер, калганы буйруктан. Жаш жубайлар мына ушуну түшүнсө», — деди ал.

Жубайлардын эки уул, бир кызы бар.

Уланбек Чукуев буга чейин жумушу тууралуу айтып берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE