Пример HTML-страницы

Майор Эрмарт Сасыков ыйлап келген аялды кубанычка бөлөгөн

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн Сосновка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн улук тескөөчүсү, майор Эрмарт Сасыков 15 жылдан бери милиция кызматкери болуп эмгектенип келет. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жумушу тууралуу айтып берди.

Сасыков Эрмарт Дүйшенбекович 1983-жылы 7-мартта Панфилов районуна караштуу Орто-Кайырма айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.

«Жогорку билимдүүмүн, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктагам. Негизи милиция кесибине бала кезден кызыкчумун. Ага улай ыраматылык атам дагы «сени милиция кылам» деп көп айтчу. Ошентип бул кесипти 2009-жылы Панфилов РИИБде жашы жете электер менен иштешүү инспекциясында тескөөчү болуп менен баштадым (кенже лейтенант). 2011-жылы Жайыл РИИБге аймактык тескөөчү болуп бардым. 2013-жылы ошол эле РИИБде ыкчам кызматкер болуп дайындалып, 2015-2019-жылдары улук ыкчам кызматкер болдум. Андан кийин Коомдук коопсуздук кызматынын райондук жетекчиси болгом. Тилекке каршы, 2020-жылы бул кызмат жоюлуп кеткен. 2020-2021-жылдары жаш өспүрүмдөр менен иштөө инсектору болуп, 2022-жылы кайра түзүлгөн Коомдук коопсуздук кызматынын райондук жетекчиси болуп иштеп жүрүп, 2023-жылдын 5-майында Жайыл РИИБдин Сосновка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн улук тескөөчүсү болуп дайындалдым», — деди ал.

Каарманыбыз үзүрлүү эмгектин арты менен бир топ сыйлыктарды алган. Алсак, «Азамат», «Мыкты участковый», «Кылмыш иликтөөгө 100 жыл» жана башка медалдары бар.

«Аман-эсен пенсияга чыгып, ушул кызматта иштеп келе жаткан жаштарга колдон келген жардамымды, акыл-насааттарымды үйрөтүп кетсем дейм. Хоббим — футбол, көк бөрү ойноо. Футбол боюнча ИИМ чемпионатында Чүй ОИИБдин курамында ойноп жүрдүм», — деди ал.

Эрмарт Сасыков эсинен кетпеген окуя тууралуу айтып берди.

«Кылмыш иликтөөдө иштеп жүргөн мезгилде бир окуяга туш болгом. Ошол такыр эсимден кетпейт. Анда мен базарды карачумун. Бир аял нөөмөт бөлүмгө ыйлап келди. «Банкка кирип, насыяга 70 миң сом алып чыккам. Базардын оозунан акчамды алдырып ийдим» деди. «Каяктан каякка бастыңыз, артыңыздан кантип алды?» деп сурадым. «Сумкамдын сыдырмасы бар, чөнтөгүнө салгам, сыдырма сыдырылып, ачылып калыптыр» деди. «Эже, сумкаңызды кандай асындыңыз эле, көрсөтсөңүз, кантип алышы мүмкүн?» деп эксперимент жасадык. Сыдырмасын сыдырып, колун салса билинет бекен деп текшерип көрдүк. «Сезген жокмун, бирок акчам даана эле ушул чөнтөгүндө болчу» деп ыйлады. Бир чети боорум ооруду. Өзү насыя алса, анан анын чыпчыргасын калтырбай, ууру алып кетсе… Сумкасын байкасам, дагы бир тарабында сыдырмасы бар экинчи чөнтөгү бар экен. Ошону ачсам эле акчасы толугу менен ошол чөнтөгүндө экен. «Эже, мына акчаңыз» десем эле, сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберди. Өзү эле салган чөнтөгүн алмаштырып алып, коркконго кош көрүнөт болуп, уурдатып ийдим деп ойлогон окшойт. Абдан ыраазы болуп кеткен. Ушул окуя такыр эсимден кетпейт. Элибизде мындай окуяны «минип алып, атын издейт» деп коюшат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE