Майлуу-Сууда прокуратура эмгек башкармалыгы мамлекетке 106 миң сомдон ашык зыян келтиргенин аныктады

Акыркы жанылыктар

TurmushМайлуу-Суу шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы мамлекетке жалпы 106 миң сомдон ашуун материалдык зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Майлуу-Суу шаарынын прокурору Эрнест Асакеев билдирди.

Анын айтымында, мындай алешемдиктер көзөмөл органы аталган башкармалыкта Эмгек кодекси жана Бюджеттик кодекстин талаптарынын аткарылышына текшерүү жүргүзгөн учурда белгилүү болду.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө эскирген ченемдик укуктук актыга шилтеме жасап, 2022-жылдын август айына компьютерде (зыяндуу) иштегендиги үчүн кызматкерлерге 48 миң 926 сом өлчөмүндө мыйзамсыз кошумча акы төлөө фактысы аныкталган.

Мындан тышкары башкармалыктын башычысы жана башкармалыктын финансы жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башчысы башкармалыктын башка кызматтарын мыйзамсыз айкалыштыргандыгы үчүн 57 миң 649 сом акы кошумча төлөнүп берилген. Ошентип мамлекетке жалпысынан 106 575 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мамлекетке келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, жооптуу кызматкерге эскертүү тартиптик жаза чарасы колдонулду», — деди Асакеев.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️