Майлуу-Сууда бала бакчанын алдындагы дарактар кыйылган. Прокуратура текшерүү жүргүздү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында бала бакчанын алдында өсүп турган даракты кыйган кызматкерге тартиптик чара көрүлөт. Бул тууралуу Turmush басылмасына шаардык прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, калаа тургундары жашылдандыруу мекемесинин кызматкерлери куураган даракты эмес, анын жанындагы тирүү даракты кыркып кеткенине нааразы болушкан.

«Өсүп турган дарактын кыйылышы боюнча шаар тургуну Т.Л. арыз жазган. Анын негизинде калаадагы №5 «Рахат» бала бакчасынын короосунун сыртында дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысы боюнча жеринде текшерүү жүргүзүлдү. Ага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын тескөөчүсү да катышып, өсүп турган дарактын кыйылгандыгы тууралуу акт түзүлгөн.

19-июнь күнү катуу шамалдан улам бакчанын жанында өсүп жаткан «айлант высочайший» дарагынын шагы сынып түшкөн экен. Аны «Горжилзеленстрой» мекемесинин кызматкерлери кыйып, бала бакчанын дарбазасына зыянын тийгизген. Аны менен катар кызматкерлер ошол эле дарактын жанында өсүп турган диаметри 19 сантиметр болгон даракты да кыйып салышкан. Бирок алар өсүп турган эки даракты кыйып, алардын жанындагы кургап калган даракты кыйышкан эмес. Анын негизинде жалпы чыгым 7 миң сомго жакын деп эсептелип, күнөөлүү кызматкерлерге карата тартиптик чара колдонуу жөнүндө Майлуу-Суу шаарынын мэринин наамына сунуштама келтирилди», — деди шаар прокурорунун жардамчысы Нурайым Катаганова.

Ал эми «Горжилзеленстрой» мекемесинин жетекчиси Дамир Истамбаев ишканада жумушчулар жетишсиз экенин айтты. Ошондой эле бул окуя боюнча териштирүү иштери башталганын билдирди.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️