Turmush — Жалал-Абад шаарында көпчүлүктү суктандырган магнолия дарагын саналуу гана жерден көрүүгө болот. Бул даракты көбөйтүүнү каалагандар өз короолорунда көрктөндүрүү үчүн бир нече жолу кыйыштырууга аракет жасаган менен натыйжа болбой жатканын аймактык кабарчы жергиликтүүлөргө таянуу менен билдирди.
Азыркы тапта калаанын Жусупбек Бакиев көчөсүндө жайгашкан шаардык мэриянын короосундагы магнолия дарагы гүлдөп, шаарга көрк берип жатат. Андагы дарактын кооздугуна сүрөткө тушкөндөрдү көрүүгө болот.
Жалал-Абад шаардык мэриянын чарба иштери боюнча жетекчиси Салижан Турумов бул дарактын бутагын кыркып, башка даракка кыйыштырып көргөндөр а түгүл уругунан эккендер болгону менен көрктөндүрө алган эместигин айтат.
«Менин билгениме караганда, 1988-жылы Жалал-Абад шаардык мэриясынын имаратынын курулушу башталган. 4 кабаттан турган имарат 1991-жылы толугу менен бүтүрүлүп, пайдаланууга берилген. Ошол кезде шаардын аткаруу комитетин жетектеп турган Исмаил Юсупов Өзбекстан Республикасына иш сапар менен барганда, 3 түп магнолия көчөтүн алдырып келген. Ошол 3 түптү мэриянын короосуна тиктирген. Көчөттөр абдан назик болчу, башка көчөттөрдөн өзгөчө каралган. Мен ал кезде мэриянын чарба иштери бөлүмүндө иштечүмүн. Дарактын көрктөнүүсүн көпчүлүгүбуз күткөнбүз. 3 дарактын экөөсү куурап калды. Учурда бул гүлдүн бир гана түбү бар. Дарак март айынын аягы, апрелдин башында гүлдөйт. Өзүнчө кооздук тартуулап турат», — деди Салижан Турумов.
Жол жээгиндеги бул дарактын шагын сындырып алып кетип, башка даракка кыйыштырууга аракет кылгандар да болгон. Бирок дарак оңой менен көктөбөгөндүктөн, кызыккандардын аракеттеринен дээрлик майнап чыпай келет. Салижан Турумов кыйыштыруудан натыйжа болбогонун, эми башка кадамга барууну пландап жатканын айтат.
«Кеч күздө бул дарактын уругунан алып, эгип көрүүнү пландап жатам. Магнолия дарагын шаарга көбөйтүп алсак, жаздын күнү эң сонун кооздукту берет», — деди ал.
Бул даракты калаадагы айрым үйлөрдүн короосунан да көрүүгө болот.
Магнолия — бул аялзатына мүнөздүү сүйкүмдүүлүктү, жазды, тектүүлүктү жана тазалыкты чагылдырган кереметтүү өсүмдүк. Дарактын аталышты белгилүү ботаник Пьер Магнолдун ысымынан коюлган. Анын 70тен ашык түрү бар. Бийиктиги орточо эсеп менен 5-8 метрге чейин жетет.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.