Пример HTML-страницы

М.Мирсаатов эң кооз канаттуулардын катарын толуктаган тоос кушун багуудагы сырлары менен бөлүштү (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын Амир-Темир аймактык башкармалыгынын Он-Адыр айылынын 74 жаштагы тургуну Мурадилжон Мирсаатов учурунда Өзбекстандан алып келген тоос куштарын 80ге чейин көбөйтүп, аларды сатып жакшы киреше кылчу. Бирок акыркы убактарда тоос куштары сатылбай калганын аймактык кабарчыга билдирди.

«Мындан 40 жыл мурун 5 даана тоос кушту Өзбекстандын Андижан облусунан алып келгем. Алардын жумурткаларын кээде инкубаторго, үндүккө коюп чыгарабыз. Айрым учурда тоос куштары өздөрүнүн жумурткасын басып жатып ачышат.

Тоостор тез көбөйбөйт, акырындык менен 80ге жеткен. Мындан мурунку жылдары сатып алуучулар да болор эле. Менден алып кетишип, Россияга сатышчу. Чоңдорун 10 миң сомдон жогору, кичинекейлери андан арзан сатчумун», — деди ал.

Тоос куштарга өзгөчө кароонун кереги жок, аны үндүктөрдү баккан шартта гана бакса болот. Болгону алар жаткан короону чымчык кире албагандай кылып тосуу кажет. Болбосо алардан илдет жугуп, тоос куштары да ооруп калышы ыктымал.

«Тоос өзгөчө кароого деле муктаж эмес. Болгону алар жаткан жерди чымчык өтө албай тургандай кылып тосуу зарыл. Анткени ар түрдүү чымчыктан, ар кандай оорулар жугушу мүмкүн. Ошондуктан тешиги кичине болгон зым тор менен тосуп чыгабыз. Үндүккө кандай кам көрүлсө, буларга деле ошондой көңүл бурулат. Буудай, жүгөрү, жашылчаларды берип турабыз. Анан жөжөлөрү суукка туруксузураак келишет. Жаңы жумурткадан чыкканда ысык жерде чоңойтпосоң, бат эле өлүп калат», — деди ал.

Тоос куштары жаз мезгилинин май айларында жумуртка чыгарат. Фермер алардын жумурткасын инкубатордо чоңойтот же эне үндүктүн жумурткаларына кошуп бастырат. Айрым учурда гана эне тоос өзүнүн жумурткаларын басып чыгарат.

«Булар май айларына барып көбөйүшөт, үндүктөргө окшош. Тоокторго окшоп ар дайым эле жумурткалай бербейт. Бир төлдөгөндө 10-15 жумуртка тууйт. Аны биз инкубатордо же эне үндүктүн жумурткасына кошуп бастырабыз. Көбүнчө инкубатордо коюп коёбуз. Айрым учурда гана эне тоостор өздөрү жумурткаларын басып чыгарышат. Жумурткадан чыккандан кийин лампанын түбүндө, кичине ысыкта чоңойтуп алса, мынтип жүрө беришет. Азыр Сибирге алып кетип жатышат. Эми ал жакта кичине жылуу кылып, анан кармашса керек», — деди ал.

Анын айтымында, учурда балдары менен кошулуп, 9 тоос кушу бар.

«Чоңдору атайын тосулган жайда турушат. Жөжөлөрүн кышкысын ысык жайга киргизип багабыз. Эркек тоостордун куйругу узун болот. Ургачыларынын куйругу кыска, анан кичинерээк болушат. Эркек тоостор күн жылыганда коноргодон жерге түшүп, куйругун кооз кылып жайып алышат. Ал дагы маанайына жараша болот. Маанайлары жакшы болсо, күн жылыса эркек тоостору куйруктарын кооз кылып жайып алып турушат», — деди фермер.

Мурадилжон Мирсаатов учурунда соода-сатык иштери менен алектенет. Балдарынын баары Орусияда эмгектенишет. Фермер тоос куштардан сырткары тоокторду, үндүктөрдү да өстүрөт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE