Логопед кызматын аркалаган Нуржамал Молдошованын кеңештери

Нуржамал Молдошева Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Чоң-Кемин айыл аймагынын Шабдан айылынын тургуну Нуржамал Молдошова райондогу бала бакчада иштеген жападан жалгыз логопед. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Каарманыбыз 1990-жылы 18-апрелде Токмок шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 4 баланын апасы. Ал наристелердин тил өрчүү мезгили, логопеддин бала бакчаларда иштөө зарылчылыгы боюнча айтып берди.

«Жогорку билимим бар. Башталгыч класс мугалими бакалаврынан окуп, логопедиялык курстан билим алгам. Азыр дагы ар кандай курстардан окуп жатам.

Чоң-Кемин айыл өкмөтүнөн караштуу Кайыңды айылындагы бала бакчада биринчилерден болуп логопеддик кабинет ачылды. Учурда өзгөчө айыл жергесинде логопед бардык жерде керек. Анткени ата-энелер шаарга атайын адиске улам-улам барып турганга мүмкүнчүлүктөрү жок.

Мен ал жерде жаш бөбөктөрдүн сүйлөө кебин өстүрүп жана тилинде дефектиси болсо аны калыбына келтирүү сабактарын өтөм. Эми башка бала бакчаларда дагы логопед ачуу боюнча райондун жетекчилери аркылуу демилгеленип жатат», — деди ал.

Ал наристелер канча жаштан баштап сүйлөп башташ керек экенин жана учурдагы наристелердин тил көйгөйлөрүн айтты.

«1,5-1,8 жашында балдардын экспрессивдүү сүйлөө жөндөмдүүлүгү өнүгүп, түшүнгөн сөздөрдүн баарын айта башташат. 2-2,5 жашында балдар жөнөкөй сүйлөм менен сүйлөшө башташы керек.

Акыркы убакта сүйлөө өнүгүүсүндө көйгөйлөрү бар балдар көп келүүдө. Айрыкча 3 жашында. Алардын көпчүлүк бөлүгү такыр сүйлөбөйт. Бул эң актуалдуу маселе болуп саналат.

Балдардын экинчи категориясы — 5-6 жаштагылар. Аларда көбүнчө “ш”, “ж”, “р”, “л” сыяктуу тыбыштары бузулган болот.

Биринчиден, сүйлөө кемчиликтерине төрөт мезгили жана ага чейинки учур таасир этиши мүмкүн. Жатындын ичиндеги өнүгүү, эненин кош бойлуулук учурундагы жүрүм-туруму, төрөт жол-жобосу, жаракат алуу мүмкүнчүлүгү жана акушердин квалификациясына байланыштуу да болуп калат.

Экинчиден, балдардын электрондук түзүлүштөр менен көп байланышта болуусу балдардын сүйлөөсүнө терс таасирин тийгизет. Сыналгы же гаджеттер менен көзөмөлсүз убакыт өткөргөн учурда сүйлөө жөндөмдүүлүгүнүн артта калуусу көп кездешет. Көпчүлүк балдар башында туура эмес сүйлөй башташат, бирок алар чоңойгон сайын айлана-чөйрөдөгү кишилердин сүйлөшүүсүн угуп, сүйлөөсү оңолот. Ошол эле учурда айланасындагы чоңдордон да көп нерсе көз каранды. Эгерде ата-энелер балдарынын сүйлөө кемчилигин оңдоого аракет кылбаса же кээ бир тыбыштарды туура айтууну адиске көрсөтпөсө, анда бул кемчилиги өмүр бою сакталып калышы мүмкүн. Ошондуктан өз убагында адиске кайрылуу керек», — деди ал.

Нуржамал айым практикасындагы окуядан мисал келтирди.

«Заманбап дүйнөдө адамдар барган сайын ар кандай сүйлөө бузулууларына дуушар болушат. Менин логопедиялык практикамда дагы ар кандай окуялар болот. Мисалы, Леонид аттуу 6 жашар бала «Ротацизм» менен жабыркаган. Анын тилинде «Р» «Рь» тыбыштары жок болуп чыкты. Мен тилдин «моторун иштеткенге» аракет кылып көп убакыт өткөрдүм. Сабак учурунда бала уялчаак болуп, көпкө чейин тилин ачкан жок. Мен бала менен иштөөдө ар кандай ыкмаларды колдонуп, адабияттарды изилдеп, бүт интернетти карадым. Анан 10-сабактан кийин гана бала ачылып, “моторубуз” ишке кирди. Апасы сүйүнүп, бала дагы акыркы сабактарда кеткиси келбей баштаган.

Менин максатым — кесибимдин кесипкөй адамы болуп, мындан ары өнүгүп, өзүмдү-өзүм өркүндөтүү. Балдарга жардам берип, аларды жакшы жыйынтыкка алып келсем дейм», — деди ал.

Каарманыбыз бош убактысында үй-бүлөсү менен өткөргөндү жакшы көрөт. Кыздары менен сейилдеп, даамдуу тамактарды жасайт. Хоббиси, таякчага ар түрдүү таттуу момпосуйларды жасоо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️