Пример HTML-страницы

Лифт боюнча алдамчылык: «Голд Сити» курулуш компаниясынын өкүлдөрү билдирүү жасады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 3-мартта АКИпресс-Ошто «Голд Сити» жоопкерчилиги чектелген коомунун мурунку директору, компаниянын жактоочулары маалымат жыйын өткөрдү.

Алардын айтымында, «Голд Ситинин» директору менен «Акунбек-Асан» жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы 2019-жылы «Голд Сити» куруп жактан 100 батирлүү көп кабаттуу үйгө лифтерди орнотуу боюнча келишим түзгөн. Бирок келишимде көрсөтүлгөн убакытта лифттер орнотулган эмес. Кийинчерээк орнотулган 2 лифт экспертизанын жыйынтыгы менен жараксыз деп табылган.

«Голд Сити» жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү Бекболот Калыбеков буларга токтолду.

«Ош шаарынын Курманжан датка көчөсү 370 дарегинде жайгашкан «Голд Сити» ЖЧКсы курган көп кабаттуу үй бар. «Голд Сити» менен «Акунбек-Асан» ЖЧКсынын ортосунда 2019-жылы лифт орнотуу боюнча жарандык келишим түзүлгөн. Тилекке каршы, жарандык келишим өз учурунда аткарылган эмес.

Келишим аткарылбагандан кийин 2021-жылдын ноябрь айында укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Ошол иш боюнча кылмыш иши кыскартылып кетти. Кийин кылмыш иши козголуп, баш коргоо чарасы каралып, Ош шаардык соту камаган. Ош облустук соту баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүп койду», — деди Калыбеков.

Ошондой эле маалымат жыйынга келгендер укук коргоо органдарынан, аны менен катар эле соттон адилеттүү чечим күтүп жатканын кошумчалашты.

«Голд Ситинин» мунуку директору Кутманбек Шамурзаев: «Акунбек-Асандын» лифттери эки күндөн кийин иштебей калган. Бир аял ичинде 2 сааттай камалып калган. Ошону эске алып, түрк фирмасы менен келишим түзүп, жаңы лифттерди 63 миң долларга койдурдук. «Акунбек-Асанга» төлөгөн 98 миң доллар кайтарылбаганы аз келгенсип, бул жактан да чыгым тартып калуудабыз. Ошондуктан акыйкаттуу чечим күтөбүз», — деди.

Буга чейин «Акунбек Асан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну А.Э. кармалганы маалымдалган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 1980-жылы туулган аял арыз менен кайрылган. Ал арызында шектүү А.Э. 2019-жылы Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жаӊыдан курулушу аяктап жаткан көп кабаттуу үйгө жаӊы лифт алып келип, орнотуп берүүнү убадалап, бирок ушул күнгө чейин келишимди аткарбай келгенин көрсөткөн. Буюртма берген тарап келишим боюнча акчаларын толугу менен өткөрүп берген. Бүгүнкү күндө буюртмачы тарапка келтирилген чыгым 95 200 долларды түзөт.

Арыздануучу өз арызында шектүү А.Э. келишимди аткарбастан 4 жылдан бери созуп келгендигин, подъездин экөөнө эски лифтерди орнотконун, анын кесепетинен тез-тез бузулуп, ичинде адамдар калып кетип жаткандыгын, ал эми калган эки подъездге эч кандай лифт алынып келе электигин билдирген. Бирок келишимде 4 подъездге жаӊы лифттерди орнотуу тууралуу келишим түзүлгөн. Ал эми шектүү А.Э. пандемияда учурунда лифттерди Кытайдан алып келе албай калгандыгын айтууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) 4-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү 3-февраль күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE