Ленин чокусунда альпинистти кар көчкү басып калган. Анын сөөгү Россияга жөнөтүлдү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда кар көчкү басып каза болгон альпинист Евгений Банниковдун сөөгү Россияга жөнөтүлдү.

Turmush басылмасына маалым болгондой, Банников Евгенний Геннадьевичдин сөөгү 20-июль күнү түштөн кийин чокудан алынып түшкөн. Ал эми 21-июль күнү Россияга жөнөтүлгөн.

Буга чейин Ленин чокусунда россиялык альпинист көз жумганы маалымдалган.

Альпинист Евгений Банников 2024-жылдын 18-июлунда кечки саат 17:00дө бир лагерден экинчисине өтүп жаткан маалда кар көчкү алдында калганын анын жубайы билдирген. Жубайынын айтымында, кар көчкү альпинисттер тобунун жанынан өткөн. Ал эми Евгений көчкү алдында калып, жарга кулаган.

Евгений Банников 1965-жылы Бакалда туулган. Ал Ленин чокусун багындырууда тартылган «7134» тасмасынын оператору болгон.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️