«Лексустан» жарым-жартылай чыгып алган «жөргөмүш адамдын» видеосу тарады

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында жол тандабас менен автоээнбаштык жасашкан. Айдоочу табылып, айып пул салынды.

Социалдык тармакка «жөргөмүш кишинин» («человек паук») бет кабын кийип алып, «Лексус» үлгүсүндөгү унаадан жарым-жартылай чыгып алган жарандын видеосу жарыяланган.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, 20-октябрь күнү калаанын көчөлөрүнүн биринде катуу ылдамдыкта бара жаткан ак түстөгү унаадагы жүргүнчүнүн жоругу социалдык тармактарга тараган. Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында бейбаштык жасаган унаанын айдоочусу табылып, ага карата Укук бузуулар кодексинин 182-беренесинин жана 189-беренесинин негизинде административдик протокол түзүлүп, 16 миң сом айып пул салынды. Ал эми унаа айып короого киргизилди.

«Коопсуз шаар» долбоорунун системасында 04KG759AIO мамлекеттик номуру «Lexus RX 450H» үлгүсүндөгү унаага (ак түстө, 2018-жылы чыгарылган, көлөмү 3456) тагылганы көрсөтүлгөн.

Пример HTML-страницы

Укук бузуулар кодексинин 182-беренесинин 6-пункту. Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу. Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу, жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (1000 сом) айып пул салууга алып келет.

189-берене. Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети, жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (15 000 сом) айып пул салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️