Turmush — Чүй облусунун Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын лейтенанты, 21 жаштагы погончон айым Самара Исмаилова. Анын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.
Каарманыбыз 2003- жылы Жалал- Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында төрөлгөн. Э.Алиев атындагы ИИМдин Академиясын бүтүргөн.
«Турмушта ойлобогон, күтүлбөгөн окуялар кээде жашоо нугун өзгөртөт экен. Практика өтөп, Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө жүргөн күндөр эле. Бир күнү бейтааныш милиция жигит эшик кагып, иш бөлмөгө кирип келип, «саламатсызбы, чоң кыз»
деп, күлүмсүрөй карады. Көздөрүбүз чагылыша түшкөндө, негедир жүрөгүм бир нерсени сезгенсип, бир башкача абалга туш келдим. Күнү бүгүн да ошол кандай сезим экендигин түшүнүп, түшүнбөй да келем. Ал олтургучка отурган соң, өзүн тааныштырды. Жумуш боюнча сүйлөшүп, телефон номеримди алды да сыртка жөнөдү. Ордумдан кандай турганымды билбейм негедир залга чейин ээрчип жөнөдүм. Көрсө, ошондо эле менин Жанарбегим жүрөгүмдү жипсиз байлап, тээ кайдадыр махабат, сүйүү, жашоо, турмуш талаасына жетелеп, жол баштаган тура.
Арадан күндөр өтүп, экөөбүздүн ортобуздагы кесиптештик мамиле сүйүүгө айланды. Ал бир күнү «колуңду сураганы келдим» десе болобу. Күтүүсүз собол мени көпкө ойлонтту. Акыры макулдугумду билдирдим. Ошентип, 2024-жылдын жай айында баш кошуп, экөөбүз куттуу үй-бүлө түздүк.
Жолдошум Жанарбек Эркинбек уулу Москва райондук ички иштер бөлүмүндө жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты. Экөөбүздүн оюбуз, жолубуз да бирге болуп, кызмат өтөп жатабыз», — деди милициянын лейтенанты.
Ал келечек максаттары жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтып берди.
«Али жашмын. Көп балалуу болгум келет. Ошону менен бирге буйруса генерал болом. Бул балалыктан башталган максатым. Баса, босогодо кыргыз милициясына 100 жыл. Бул кесиптик майрамда жолдошума өзгөчө белегим бар. Ал азырынча сыр боюнча турганы жакшы го», — деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.