Лейтенант Элмира Асанбекованын балалык кыялынын орундалышына кайын атасы себепкер болгон

Акыркы жанылыктар

Turmush«Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы милициянын лейтенанты, Каракол ШИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү Элмира Асанбекова болду. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Элмира Асанбекова 1988-жылы 8-апрелде туулган. 2006-жылы мектепти аяктап, 2007-2012-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында окуган. Бала кезиндеги форма кийүү кыялын орундатуу үчүн 2013-жылы Ысык-Көл ОИИБдин каржы чарба бөлүмүнүн кызматкери болуп эмгектенип баштаган.

«Менин бала кезден форма кийүүнү эңсечүмүн. Үй-бүлөдө бир тууган эжем милиция кызматкери. Азыркы учурда милициянын подполковниги, ОИИБдин тергөө кызматында тергөөчү болуп эмгектенет. Дайыма ал сыяктуу милиция болууну кыялданчу элем. Эжем кесип тандап калышыма себепкер болду», — дейт ал.

Элмира айым 2016-жылы турмушка чыккан. Учурда эки уулдун энеси.

«Кайын атам, милициянын майору Б.Оморов көп жыл кыргыз милициясында тергөө кызматында эмгектенген. Азыр ал ардактуу эс алууда. Менин милиция кызматкери болуп калышыма кайын журтум көбүрөөк түрткү берди десем болот. Анткени турмушка чыккандан кийин милиция кызматкери болгом. Биринчи жолу форма кийгенде бир башкача сезимдер келди. Ошону менен бирге кандай гана жооптуу кызматка кадам таштаганымды, эл-жеримдин сактыгына кам көрүүдө жооптуу экенимди сездим. Кайын атам акыл-насаатын, чыныгы милиция кандай болуш керектигин айтып, элге ак кызмат кылууга үндөп келет. Ошентип 2022-жылдын август айынан бери Каракол ШИИБдин КККнын ЖЖЭИБИнин тескөөчүсү болуп иштеп жатам», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Лейтенанттын айтымында, жаш өспүрүмдөр менен иштөөгө энелик сезим да жардам берет.

«Кызмат өтөө учуру көптөгөн кызыктуу окуялар менен коштолот. Мен жаш өспүрүмдөр менен иштегендиктен, кээ бир жаш өспүрүмдөргө энелик мээрим бере турган учур кездешет. Кээ бир учурда алар менен сырдашкан эже-сиңди, кээ бир учурда алар менен бир туугандык мамиледе болосуң. Мага жаш өспүрүмдөр менен иштөө абдан жагат. Азыркы өспүрүмдөрдүн ой-жүгүртүүсү өзгөчө. Себеби, азыркылар талапты тартынбай так коюшат. Мектептерде сабак өтүүдө жана башка иш-чараларда жардам көрсөтүшүп, оюңду толуктап, сен ойлогондон да жакшы идеяларды сунушташат. Сен балдарга ишенсең алар да сага ишенип, берген кеңешиңди туура кабыл алышат», — дейт ал.

Элмира айым, көпчүлүк энелердей балдарга өз колу менен кийимдерди токуп берип, андан эргүү алат.

«Мен бош убактымда кийим токуу менен алектенем. Ар кандай жип менен кийимдерди түйөм, көпчүлүк учурда балдардын байпак жана башка нерселерди токуйм. Андан башка шурулар менен үйдө керектелүүчү буюмдарды жасап, бир тууган, жакын адамдарыма белек кылам. Милиция кызматына чейин кол өнөрчүлүктү өркүндөтүү максатында атайын билим алгам.

Ошондой эле, чакан бакчабызга гүлдөрдүн түрүн өстүрдүм. Аларга жумуштан барганда кам көрүп, ошол жактан убактымды өткөрөм. Негизи гүлдөрдү сугаргандан, алардын сулуулугунан ырахат алам. Айлана-чөйрөгө дагы көрк берип турганы кандай керемет. Бул жашоонун кереметтүү болушуна ар бирибиз салым кошо аларыбызды гүлдөрүмө кам көрүп жатып туям», — дейт лейтенант айым.

Ишиндеги ийгиликтери үчүн ардак грамоталар жана башка көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.

«Спорттогу ийгиликтерим болсо бир нече жолу “Пистолет Макарова” боюнча өтүлгөн иш-чараларга катышып, 2-3-орундардын ээси болгом. Мындан ары дагы бул иш-чараларга үзгүлтүксүз катышам деп аракет кылып келем», — дейт ал.

Мындан сырткары, ШИИБдин иш-чараларына талыкпай катышып келет. Жакын арада эле кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата өтүлгөн “Ыр кесе” программасына катышып, өзүнүн өнөрүн тартуулай алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️