Лейлектин Сары-Дөбө айылынын тургундары мечиттин имамына унаа алып беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылынын тургундары мечиттин имамы Уланбек Менбаевге унаа белек кылышты.

Маалым болгондой, элеттин 1970-жылдан 2000-жылга чейин туулган тургундары каражат топтоп, «Тойота Пассо» үлгүсүндөгү унаа барып беришти. Аны жаштар атайын демилге көтөрүп, имамдын эмгегин баалашып белек катары беришти.

Уланбек Менгбаев 44 жашта. Лейлектин Сары-Дөбө айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң 2 жылдык имамдык курста окуган.

2019-жылдан бери Сары-Дөбө айылындагы «Сары-Дөбө» мечитинин имамы болуп иштеп келген. 2023-жылы Лейлек районунун башкы имамынын орун басары жана катчысы болуп эмгектенген. 1 уул, 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️