Лейлектин кулуну Данияр Турдуев 31 жашында медицина илимдеринин кандидаты болгон

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush7-июль — Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Turmsuh басылмасы элибиздин саламаттыгын чыӊдап, сергек жашоого үндөп, оорулардын алдын алган ак халатчандар менен маек курууну чечти.

Каарманыбыз — Чүй облусунун Москва райондук жалпы дарыгерлер практика борборунун дарыгер-хирургу Данияр Турдуев. Ал 31 жашында медицина илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон.

«Коомчулукта айрыкча мырзалардан «ооруп жатам, өтүмдө таш бар» деген сөздөрүн көп угам. Туура, айрым маалыматтарга таянганда, өттүн өнөкөт таш оорусу айымдарга караганда мырзаларда көп кездешет. Себеби, аялдар төрөгөн сайын каны алмашып турат эмеспи. Өт эмне үчүн жана кандайча ооруйт? Оң жактагы кабыргалардын астындагы кайталануучу же туруктуу оору көпчүлүк учурда өттүн оорусун билдирет. Ошондой эле оң кабырганын асты тирешип, эки далынын асты ооруйт. Анткени баштыкчанын ичинде таш пайда болот. Ал майлуу, туздуу, шордуу тамактануудан жаралат. Мындай учурларда сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылуу зарыл. Ошону менен бирге күндөлүк режимди так сактоо, таза абада көп сейилдөө сунуштары айтылат. Айрымдар кимдир-бирөөлөргө дем салдырып, ырым-жырымдаганы өт оорусуна эч кандай таасир этпейт. Ошондуктан оорунун алгачкы белгилери байкалар замат кесипкөй дарыгерлерге кайрылуусу оң натыйжа берет», — дейт дарыгер-хирург.

Анын айтымында, бала чагынан эле дарыгер болууну кыялданчу.

«Мен Баткен облусунун Лейлек жергесинде жетилдим. Айылдык дарыгерлерди көргөндө эле бир башкача болуп, таптаза ак халаттарын кызыгуу менен карай берчүмүн. Ошондой күндөрдүн биринде, 10 жашымда эле келечекте дарыгер болууну чечкем. Мектепте окуп жүргөндө ата-энем, мугалимдер «келечекте ким болосуң?» деп сурашса, «дарыгер болом» деп, кесе эле айта салчумун. Ал гана эмес, сабакта дилбаян жазганда «Ардактуу кесип- дарыгер» деп тема коюп, аны көркөмдөп, өзүм каарман да боло калган күндөрүм эсимде. Ошентип, балалык жана окуучулук күндөрүм өттү. Айылдык турмуш артта калып, дарыгердик кесип алуу үчүн Бишкек шаарына келдим. Эми шаар жашоосу башкача. Көп кабаттуу үйлөр, эл көп, зуулдаган унаалар. Бири-бирин тааныбаган, өз тиричилиги үчүн шаша баскан адамдар. Бирок, менин бүткүл оюмду «медициналык жогорку окуу жайына кантип өтүү керек?» соболу ээлеп алган. Көрсө, билим гана керек тура. Ошентип, сынактарды ийгиликтүү тапшырып, 2005-2011-жылдарда И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо бөлүмүнөн билим алдым. Студенттик күндөрүм күнү-түнү окуу, орус жана англис тилдерин тереңдеп үйрөнүү менен гана өттү. «Ийгиликтин 99 пайызы эмгек» демекчи, сөздүктөр менен иштөө, медицина тармагында илимий-методикалык адабияттарды окуу менин жашоомо айланды. Жогорку билимге ээ болгон соң, 2011-жылы Бишкек шаарындагы №1 ооруканада алгачкы эмгек жолумду баштадым. Илимге багыт алып, 2013-2018-жылдары С.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунун жалпы хирургия кафедрасында аспирантурадан окудум. Ошол эле жылы 21-июнда көптөн күткөн максатым орундалып, сүйүктүү агайым, медицина илимлеринин доктору, профессор Батырхан Ниязовдун жетекчилигинде «Ичегинин курч өткөрбөстүгү учурунда аяктарда гемодинамиканы баалоо жана тромбоэмболиялык кабылдоолорду алдын алуу» темасына илимий диссертацияны жактап, медицина илимдеринин кандидиты окумуштуулук даражасына ээ болдум», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Дарыгер-хирург Данияр Турдуев 1987-жылы Баткен облусунун Лейлек районунда төрөлгөн. 2011-жылы жалал-абаддык айым Зарина экөө баш кошуп, учурда 3 уул жана 1 кызды тарбиялап келишет. Келинчеги Зарина борбор шаардагы «Эне жана баланы коргоо» улуттук борборунда медицина кызматкери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️