Пример HTML-страницы

Лейлектин Кулунду айылында жаңы бышкан пияздар жыйнала баштады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЛейлек районунун Кулунду айыл аймагында пияздар жыйналып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Жергиликтүү дыйкан Рамазан Шарабидин уулу жыл сайын пияз эгет. Учурда пияздын эрте бышчу сортунун түшүмүн жыйнап жаткан кези. Жылына 50 сотых жеринен 35-40 тоннага чейин түшүм алса, быйыл кыш жылуу келип, салыштырмалуу 20-25 тоннага ашыгырак алам деп болжолдоп жатат.

Жазгы пияздарды жыйноо иштерине жергиликтүү жашоочулардан тартып кошуна айылдардан бери жалданма жумушчулар саатына 100 сомдон иштешет. Дыйкан өндүргөн пияздарын райондун ички базарларынан тартып Бишкек, Ош шаарларына чейин жөнөтөт.

«Мен дагы башкалар сыяктуу Москва шаарында иштеп келип, 2019-жылдан баштап дыйканчылык менен алектенип келем. Быйыл пияз жакшы болду. Бишкектеги тааныштарым менен сүйлөшсөм ал жакта пияздын баасы 18-20 сомдон экен. Буюрса пиязды 60-65 тонна өндүрсөк жакшы эле киреше табабыз деген ниеттемин», — деди ал.

Жазы эрте келген бул өрөөндө чөп чабык жана пияз жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүүдө. Жазы эрте келген Кулундуда 2 жолу түшүм алса болот. 200 гектарга жакын аянттан дыйкандар быйыл 3500 тонна жаңы бышкан пиязды коңшу өлкөлөргө экспортоону пландап жатышат. Өткөн жылы дыйкандар пиязды жеринен 30-40 сомдон сатышкан.

—————————————————————————————-

Кулунду айылынын түптөлүшү 1950-жылдарга барып такалат. Ушул мезгилдерде Козу-Баглан дарыясынан суу тартуу үчүн канал казуу иштери башталып, 1953-жылдын 30-апрелинде Кулунду каналы пайдаланууга берилген. 2013-жылы аталган каналдын 60 жылдык мааракеси болуп, мамлекеттик жетекчилер катышып кеткен.

Элеттигелердин саны 10 миңге жакын. Түндүгүнөн Тажикстан менен чектешип, чек ара аймагында жайгашкан айылдардын катарына кирет. Анда 3 орто мектеп, медресе, оорукана, маданият үйү жана Кулунду айыл өкмөтүнүн имараты бар. Жайы ысык, кышы суук. Айылдыктардын көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенгендиктен айрым дыйкандар жылына 3 жолу түшүм алышат. Дан өсүмдүктөрү, дарбыз, коон, өрүк, кокон гилас, пахта жана башка мөмө-жемиштер бышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE