Лейлектин Көк-Таш айылында милициянын участкалык пункту салынып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЛейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Көк-Таш айылында милициянын участкалык пункттарын куруу иштери башталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка караганда, капсула салуу иш-чарасына Лейлек районунун акими Канимет Осмонбеков, Лейлек РИИБдин башчысы Кожобек Козубаев жана айыл тургундары катышты. Бул аймактык пункттарынын бир тарабында милициянын кызматкеринин иш бөлмөсү, жарандарды кабыл алуу бөлмөсү болсо, ал эми экинчи тарабында үй-бүлөсү менен жашаганга толук шарты менен курулат.

Имаратты кыргыз милициясынын 100 жылдык майрамына тактап айтканда, 2024-жылдын 1-ноябрына куруп бүтүрүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️