Лейлектин Чурбек айылында эски мектептин аты өзгөртүлүп, жаңы имарат курулду

TurmushЛейлектин Маргун айыл аймагына караштуу Чурбек айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, айылдагы Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы атындагы орто мектебинин имараты эскилиги жетип, авариялык абалда болгон. Тактап айтканда бул мектеп 1956-жылы курулуп, 1985-жылга чейин 8 жылдык мектеп болуп билим берип келген. Ал эми 1985-жылдан баштап орто мектеп болгон. Имарат авариялык абалда болгондуктан 2021-жылдын 18-майында мектептин эски имараты бузулуп, 225 орундуу жаңы имараттын курулуш иши башталган. Анын жалпы долбоордук баасы 65 млн сом. Курулуш ишин «Сапат Нур» ЖКЧсы алып барды. Бул мектепте бүгүнкү күндө 192 окуучуга 20 мугалим билим берип келет.

Буга чейин мектеп М.Юлдашев атындагы мектеп деп аталып келген. Мындан ары мектептин аталышы Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы болуп өзгөртүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️