Лейлектин айылдарындагы турак үйлөрдүн ичин сел суулары каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунда селдин кесепеттерин жоюуга 10 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 24-июнь күнү саат 17:30 чамасында нөшөрлүү жаандын кесепетинен Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын Катраң айылында, Калта-Арык жана Шоро тилкелеринде, Коргон—Катраң—Баул унаа жолунун 1-8-чакырымында, Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 316-320-чакырым аралыгында сел жүрүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүүгө Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылып, тазалоо иштерине №13 жол тейлөө мекемесинен грейдер, Катраң айыл аймагынан жүктөгүч тартылды.

Калта-Арык участкасында 5, Кара-Суу айылында 1 турак жайга кирген сел сууларынан кийинки калыбына келтирүү иштерине ӨКМдин Лейлек районундагы бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылды.

Ошондой эле жарандык коргонуу кызматтары чукул жыйындарды өткөрүүдө.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Кыргызгидромет 24-25-июнь күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️