Лейлектик Касымбек Бердикулов Кыргызстанды кыдырып, «Манас» эпосунан үзүндү айтып келди

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жети-Таш айылынын 11 жаштагы тургуну Касымбек Бердикулов үч ай бою Кыргызстанды кыдырып, «Манас» эпосунан үзүндү айтып келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 18-апрель күнү Касымбекти жана анын жакындарын, мугалимдерин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков кабыл алып, ыйгарым укуктуу өкүлдүн белектерин тапшырды.

Жаныбек Исаков жаш манасчыга ийгиликтерди каалап, кыргыз элинин муундан муунга сакталып келе жаткан улуу мурасын даңазалоого кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Аны менен катар келечекте улуу манасчылардын учугун улаган мыкты манасчылардан болорунан зор үмүт артарын кошумчалай кетти.

Ошондой эле Касымбектин мугалимине ыйгарым укуктуу өкүлдүн «Ыраазычылык каты» тапшырылып, ата-энесине алкыштар айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️