Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Лейлектеги дыйкандарга 30 тонна арзан баадагы жер семирткич жеткирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Лейлек районуна дыйкандар үчүн арзан баадагы жер семирткич жеткирилди.

Маалым болгондой, Лейлек районунун Кулунду айылына 30 тонна карбамид жер семирткичи жеткирилип, азыркы күндө дыйкандарга таратылууда. Бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя шаарында аммияк селитрасы 30 сом, карбамид 38 сом болсо, жол чыгымдары менен Баткен районуна аммияк селитрасы 31 сом, карбамид 39 сом, Лейлек районуна аммияк селитрасы 32 сом, карбамид 40 сомдон жеткирилип жатат.

Андан сырткары бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя шааарынан Лейлек районуна 30 тонна, Баткен районунун Көк-Таш айылына 30 тонна, Баткен шаарына 30 тонна карбамид алынып келүүсү күтүлүүдө.

Райондордун агрардык өнүктүрүү башкармалыктары айыл өкмөттөр менен биргеликте дыйкандардын тизмелерин тактап, бөлүштүрүү жагын колго алуулары зарыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE