Лейлектеги айылда 16 жаштагы Амирхан Гайбуллаев дайынсыз жоголду

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунун Андарак айылында 16 жаштагы Амирхан Гайбуллаев бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын жакындары 7-октябрь күнү райондук милиция бөлүмүнө кайрылышкан. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин дайынсыз болуп жаткан Амирхан Гайбуллаевдин чоң энеси социалдык тармактар аркылуу коомчулукка кайрылып, небереси 26-сентябрь күнү үйдөн чыгып кеткенин, аны табууга жардам берүүнү суранып кайрылуу жасаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️