Лейлекте мал уурулукка шектелип 26 жаштагы жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунда мал уурулукка шектелип 26 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Катраң айылынын 2 тургуну милицияга кайрылган. Алар мал сарайынан бирден кочкорлорун уурдатышканын билдиришкен. Жогорудагы 2 арыз Лейлек РИИБде мал уурулук беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иш башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Катраң айылынын 26 жаштагы тургуну А.Н. кармалып, уурдалган кочкорлорду мал базарга алып барып сатып жаткан жеринен кармалды. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️