Лейлекте кызыл түстө чыккан Дары-Булактын суусу азайып бара жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунун Төө жайлоосундагы Шооваз аймагында Дары-Булак булагынын суусу азайып бара жатат. Бул тууралуу Кең-Талаа айылынын тургуну Сайдагүл Абдивалиева билдирди.

Анын айтымында, бул суунун дарылык касиети бар. Булактан чыккан суу алгач кызыл болуп чыгып, ылдый жакка акканда көбүктөнүп, эл аны сүт суу деп атап коет. Андан кийин чоң сууга кошулат.

Мурда аймактагы жашоочулар ар кандай ооруларга даба издеп бул булакка келишчү. Акыркы жылдары келгендердин саны азайып, булак жыл сайын азайып бара жатат.

«Бул Төө жайлоосундагы Дары-Булак дарылык касиетке ээ деп айтылат. Мен да 2 жолу даба издеп келгем. Акыркы жолу 32 жыл мурда баргам. Анда суу оргуштап, алыстан көрүнчү. Алыстан караганда башында кыпкызыл, кийин ак сүт сыяктуу, аягында көк түстө агып турат эле. Азыр суу кыйла азайып тартылып кетиптир.

Илгери биздин ата-энелерибиз тери жана ооруларына даба издеп келип, суудан алып кетишчү. Азыр бул булактын дарылыгын билбегендер көп. Керемет көрүнүшү, касиеттүүлүгү менен айырмаланып турат. Бирок кандай мындай суу агып калганын чоңдордон сурап калбаптырбыз», — деди ал.

Дары-Булак «Алтын-Бешик» эс алуу лагеринен 3 чакырым аралыкта жайгашкан.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️