Лейлекте кыздарды чебер, уулдарды уста болсун деп ырымдаган жөрөлгөлөр азыр сакталып келе жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунда уул-кыздарды кичинекейинен чебер болсун деп ырымдоо жөрөлгөсү азыр да сакталып келет.

Чебер айым Бүүзия Сулайманованын айтымында, кыз-келиндер азыр да болсо замандын талабына ылайыктап, килем согуп келишет. Ага байланыштуу ырымдар да сакталуу. Алардын бири кадимки эле жарганаттын канатын карыштоо.

«Бизде чеберлер көп экенин башка облуста жашап көрүп, анализдеп анан билдим. Бала кезибизден эле улуулардын жүн, боек, жип, ийне кармап, тынч отурбаганын көрүп чоңойдук. Ошол убакта кол кабыш кылып, кошо жасашып, көзүбүз каныкты.

Анан да ар бир үйдө «чебер, уста бол» деген баталар берилчү. Бирөөлөр жарганат кармап калса, айылдын бардык кыздарын чакырып, ырымын жасашчу. Бул ырымды жарганаттын канатын керип туруп, ар бир кыз карыштачу.

Ал убакта чоң аталар, байкелерибиз жарганатты кармап турушчу. Жаш балдар, кыздар колдорун жазып, канаттын үстүнө 3 жолу койчубуз. Эркек балдарды колунан көөрү төгүлгөн уста болбосо да, өз тиричилигин жакшы алып кеткен адам болсун деп ырымдашчу», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Мал союлганда да баштын таңдайы сөзсүз кыз балага берилчү азыр дагы мындай ырым жер-жерлерде колдонулуп келе жатат.

«Үйдө майда жандык союлса, баш бышырылат эмеспи, ошо баштын тандайы сөзсүз үйдүн кызына берилет. Чакырып алып, элдин көзүнчө таңдайды сыйрып, «чебер бол» деп берет. Мындан башка дагы, ким менен учурашсак да колун сыртына көздөй кайрытып көрчүбүз. Кимдин колу кайкалап турса же бармагы сыртка ийрейип турса «чебер болот экенсиң» деп баа берилчү», — деди Сулайманова.

Ошондой эле, ымыркай төрөлгөн учурда атайын, уста чеберлерге ырымдап, чачын алдырышат. Мындай жөрөлгөлөр аймакта кенен тарап, азыр да колдонуп келе жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️