Лейлекте кылмыш жасап качкан тургун өзүн-өзү атып салды

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунда 55 жаштагы жаран кылмыш жоопкерчилигинен качам деп, өзүн-өзү атып салды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 21-август күнү саат 16:27 чамасында Лейлек РИИБдин 102 кызматына Лейлек районунун 51 жаштагы М.К. аттуу тургунун белгисиз ок атуучу куралдан каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн.

Бул факт Лейлек РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, Лейлек РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, төмөнкүлөрдү аныктаган.

2024-жылдын 21-август күнү М.К.(маркум) аялы экөө өзүнүн «Honda Jazz» үлгүсүндөгү унаада тойдон кайтып келе жатканда мурдатан жакшы таанышы болгон Ак-Булак айылынын 55 жаштагы Б.М. аларды токтотуп, М.К. менен учурашып, өзүнүн унаасында турган 12 калибрлүү сайсыз ок атуучу куралын алып чыгып, мурдатан келишпестиктен улам М.К.нын көкүрөгүнө эки жолу атып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Бул жагдай боюнча кылмышка шектүү Б.М.га ыкчам-издөө иш-чаралары уюштурулуп, 2024-жылдын 21-август күнү саат 17:50 чамасында Лейлек районунун Кара-Таш жайытында өзүнүн атына катталган 12 калибрлүү 1 сайсыз ок атуучу куралы менен өзүнүн көкүрөгүнө өзү атып каза болгондугу белгилүү болду.

Пример HTML-страницы

Аталган факты боюнча ар тараптуу тергөө амалдарын жүргүзүп, объективдүү чечим кабыл алуу максатында Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалары дайындалып, сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️