Лейлекте «Хендай Портер» кырсыкка кабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 31-октябрда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Самат айылында жол-транспорт кырсыгы катталды.

Күбөлөрдүн айтымында, «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа жолдогу малдан качам деп суу түтүктү сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу бутунан жабыркады.

Жол кыймылынын эрежелеринин 1.2 пунктуна ылайык, мал айдаган жарандар жол кыймылынын катышуучусу болуп саналат.

Мал айдаган жарандарга жол кыймылынын эрежелеринин 24-бөлүмүндө көрсөтүлгөн айрым талаптар коюлат:

Пример HTML-страницы

24.5 пунктуна ылайык, малды жол аркылуу, күндүз айдоо керек. Жергиликтүү маанидеги жолдорду кошпогондо аларды унаа жолдорунун боюна жана газондорго жаюуга тыюу салынат. Мал айдагандар малды мүмкүн болушунча жолдун оң жагына жакын айдоого тийиш.

27.7 пунктунун негизинде арабаны (чананы), минилүүчү, көлүк малдарды жана малдын тобун айдоочуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

— малды жолго кароосуз калтырууга;

— атайын бөлүнгөн жерлерден башка жерде, ошондой эле караңгыда жана айлана начар көрүнгөн шартта малды темир жол жана жол аркылуу айдоого (буга ар кандай деңгээлдеги мал айдоочу жерлер кирбейт);

— башка жолдор бар туруп асфальт жана цемент-бетон төшөлгөн жол боюнча мал айдоого;

— чегилбеген малды кыймылдын багытында арабадан бир метрден ашпаган аралыкка оң жакка байлабастан арабаны (чананы) башкарууга.

Жол кыймылынын эрежелеринин ушул пункттарынын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесине ылайык (Жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, араба башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) 1000 сом өлчөмүндө айып салынышы мүмкүн.

Жогорудагы жоопкерчиликтен тышкары, эгерде жол кырсыгына жолдогу мал себеп болгондугун соттук-техникалык экспертиза тарабынан тастыкталса, анда мал ээсинен транспорт каражатынын ээсине келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтуруу талап кылынышы мүмкүн.

Мекемеде белгилегендей, эгерде ушундай жол кырсыгынан унаадагы адамдар денелеринен жаракат алса, анда мал ээлери алардын дарылануусун төлөп бериши керек. Ал эми, адамдар каза болуп калса, анда мал ээлери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышы мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️