Лейлекте 21 жаштагы жигит кармалды

TurmushЛейлек районунда уурулук кылмышка шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, март айынын баштарында Лейлектин Раззаков шаарынын 57жаштагы тургуну өзүнүн мал сарайынан түн ичинде 3 баш бодо малы уурдалганын билдирип милицияга арыз менен кайрылган. Бул арыз Лейлек РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш чаралары уюштурулуп, Кадамжай РИИБдин Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте Халмион айылындагы мал базарда мал сатып жүргөн Раззаков шаарынын 21 жаштагы Ж.С. атуу тургунун аныкташкан. Шектүү Ж.С. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында уурдалган бодо малдарды сатып жаткан жеринен малды таштап, өзүнүн изин жашырганга үлгүргөн. Ыкчам изилдөө иштеринин жүрүшүндө Ж.С. Кадамжай районунун аймагында качып жүргөн жеринен кармалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Ж.С. ушул жылдын январь айынын аягында Раззаков шаарынын автобекетинде жайгашкан «My Travel KG» аталышындагы авиакассанын айнегин талкалап кирип, 50 миң сом акчаны уурдап кеткендиги белгилүү болду. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилип, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️