Латвияга келин болгон Кыргызстан сулуусу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Келинчек» рубрикасынын кезектеги каарманы — «Кыргызстан сулуусу — 2018» сынагынын үчүнчү вице-мисси Арина Сулайманова. Ал Түркиядагы түнкү клубдардын биринде чет элдик жигит менен таанышып калганын, алардын сүйүүсү үйлөнүү тойго чейин алып барып, ал үчүн жолдошу Ислам динин кабыл алганын Turmush басылмасына айтып берди.

«Мен 2002-жылы Бишкек шаарында жарыкка келгем. А.Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумда бухгалтерия адистигине окудум. Азыркы тапта К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин бухгалтер кесибине сырттан билим алуудамын.

2018-жылы 16 жашта элем, финансылык техникумда 1-курста окучумун. Ошол жылы сулуулук сынагына катышып, 200 кыздын арасынан жарым финалга өтүп кеттим. Финалга 50 кыз өтүп, “Кыргызстан сулуусу — 2018” сынагынын үчүнчү вице-мисси наамын алдым.

Техникумду аяктагандан кийин досторум Түркиянын курорттук шаары болгон Анталияда трансфердик гид болуп иштөөнү сунуш кылышты. Мында туристтерди аэропорттон тосуп алып, мейманканага алып баруу керек жана тескерисинче мейманканадан туристтерди аэропортко чейин узатып коюу зарыл. Мен ал жакка 3 айга гана баргам, мага абдан жакты.

Күндөрдүн биринде кыргызстандык курбум менен түнкү клубдардын бирине барып, эс алууну чечтик. Дал ошол жактан болочоктогу жолдошум Максимди жолуктуруп калдым. Биз ыңгайлуу ракурс таап, сүрөткө түшүп жатканбыз. Ошол маалда бою узун, чымыр денелүү жигит жаныма келип, Инстаграмм аккаунтумду жана телефон номурумду сурады. Ал: “сен мага абдан жактың, эртең ресторанда тамактанып келбейлиби” деп айтты. Ошентип, күндүзү жумушта болуп, бошогон учурда Максим менен сейилдеп, эң кымбат ресторандарда тамактанып жүрдүк. Өкүнүчкө карай, ал Түркияга бир жума гана эс алганы келген экен. Убакыт-сааты келип, өз мекенине кетти.

Пример HTML-страницы

Экөөбүз 1 жыл WhatsApp арылуу жазышып, видео чалуу аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Ар бир майрамдарда мага гүл жөнөтүп турду. А мен Бишкек шаарындагы курулуш компаниялардын биринде өзүмдүн кесибим боюнча иштеп жаттым. Бир жылдан кийин ал мага: “Кыргызстанга учуу үчүн билет алдым, сени жана мекениңди көргүм келет. Андан соң сени алып кетем” деди. Ушул жерден ата-энем: “Бул кандай болгону? Үйлөнүү тоюн өткөрбөй эле жигитиң менен кетип каласыңбы? Туугандар эмне дейт? Эл эмне дейт” деп ызы-чуу боло түшүштү.

Бир ай аралыгында үйлөнүү тоюн өткөрдүк. Биздин каада-салтыбыз менен өткөрүлгөнүнө байлынаштуу бардык чыгымдарды ата-энем жапты. Тойго менин 250 тууганым келсе, Максим тараптан апасы Англиядан учуп келди. Үйлөнүү тоюна 2 жума калганда туугандарыбыз болочоктогу жолдошумдун улуту кыргыз эместигин билишип, “күйөө бала Ислам динин кабыл алмайынча, биз кызыбызды бербейбиз” деп айтышты. Анткени дин боюнча мусулман кызы мусулман жигитине гана турмушка чыгууга уруксат экен. Мен анын бул сунушту кабыл алуусун сурандым, ал көп ойлонбостон макулдугун берди.

2023-жылдын 22-августунда Максим Бишкек шаарына учуп келди. 5 күндөн кийин үйлөнүү тоюн өткөрдүк. Тойдон 5 күн мурун сүйүү баянын (Love Story) тартып, ресторанга үлпөн кийимдерибизди даярдадык. Үйлөнүү той күнү калаадагы борбордук мечитте Максим Ислам динин кабыл алып, никебизди кыйдырттык. Ал ар бир апта сайын жума намазга барып турат. Биздин ата-энелерибиз бакыт гана тилешип, баш кошуубузга каршылыктарын көрсөтүшкөн жок. Бир жылдан кийин кызыбыз Эмили жарыкка келди.

Жолдошум Максим Латвиядан болот, учурда 27 жашта. Үй-бүлөлүк жашоо бактылуу өтүп жатат, бирок анын мекенине бара элекпиз. 5 жолу визага тапшырдык, бешөөндө тең баш тартуу болду. Алматы жана Астана шаарларында эс алып келдик. Кызыма Латвиянын жарандыгын алдык, кечээ жакында менин да визам келди. Буюрса, 4 күндөн кийин Латвияга учканы жатабыз. Анын үй-бүлөсү жана жакындары менен таанышуу алдында турабыз.

Келечекте Бишкек шаарында жашагыбыз келет. Менин жолдошума Кыргызстан абдан жакты, ал мен “кыргыз” болуп калдым дейт. Ушул жерден үй алып, өмүрүбүздү өткөрүүнү каалайбыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Арина Сулайманова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️