Көлмөдөн 6 баланын сөөгүн алып чыгышты (толукталды)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда «Фольксваген Джетта» үлгүсүндөгү автоунаа көлмөгө түшүп кетти. Анын кесепетинен жашы жете элек алты бала каза болду.

Каргашалуу окуя 20-июнь күнү Сары-Коо айыл аймагында катталган. Жеңил унаанын ичинде 11 (башында 9 адам деп айтылган) адам, анын ичинен жашы жете элек 8 бала жана 3 чоң адам болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, алар Кара-Балта шаарынан Жайыл районундагы көлмөлөрдүн бирине эс алуу үчүн келишкен. Айрым маалыматтарга караганда, көлмө Буденовка айылына жакын жайгашкан.

Унаанын айдоочусу рулду башкара албай, көлмөгө кирип кеткен. Унаадан 5 адам, анын ичинде айдоочу, анын аялы жана аялдын бир тууганы (аял), ошондой эле эки бала чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Алты бала болсо сууга чөгүп кеткен. Алардын сөөгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары алып чыгышты.

Учурда кырсыктын себептери такталууда.

Пример HTML-страницы

Каза болгон балдардын өздүгү белгилүү:

— 2015-жылы туулган Б.В.

— 2018-жылы туулган Б.А.

— 2019-жылы туулган Б.Д.

— 2016-жылы туулган Б.В.

— 2020-жылы туулган Б.Т.

— 2018-жылы туулган Б.К.

Алдын ала маалыматтар боюнча, каза тапкандар эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Тактап айтканда, эже-сиңдинин төрттөн балдары болгон. Алардын бири — ымыркай. Ал тирүү калган. Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, эже-сиңди үчтөн баласынан айрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️