Көк-Таштагы айыл өкмөт башчы жана жумуштан айдалган айыл башчылардын чыры

TurmushЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагында эки айыл башчы тендерге байланыштуу жумуштан кетишкенин, бирине айыл өкмөт башчынын тууганы тарабынан курал менен коркутуу болгонун айтып чыгышты. Ал эми айыл өкмөт башчы тендерге таасирин тийгизбегендигин, айыл башчылар караандай калп айтып жатышканын, алар өздөрүнө тиешелүү жумуштарды аткара албаган үчүн жумуштан кетишкенин билдирүүдө. Тендерге байланыштуу чырды милиция териштирип жатат. Жагдайга аймактык кабарчы токтолуп көрдү.

Жалгыз-Өрүк айылынын мурунку айыл башчысы Үмөталы Эрдалиевдин айтымында, айыл өкмөт тарабынан 2022-жылы Кулпек-Сай айылына 6,5 чакырым аралыкка асфальт төшөө үчүн 47,5 миллион сомго тендер жарыяланган. Ага эки компания катышкан. Ал эми тендердик комиссиянын курамындагылардын көпчүлүгү эки компанияны тең өткөрбөй, тендерди жокко чыгарып коюшкандан кийин, аларга өкмөт башчы тараптан басым башталып, жумуштан кетишкен.

«Тендердик комиссиянын төрагасы мен болчумун. 4 айыл башчынын ичинен үчөөбүз өкмөт башчы айттырган компанияны колдогон жокпуз. Эки компаниянын тең документтери жетишсиздигинен улам тендерди жокко чыгарып койдук. Айыл өкмөт башчы Абдибаит Азимов кызыктар болгон компаниянын буга чейин жакынкы айыл өкмөттөрдө жасаган иштерин угуп жүргөндүктөн биз өткөрбөй койгонбуз. Ага караганда экинчи компаниянын иши жакшы экен. Мына ушул тендерден кийин өкмөт башчынын бизге болгон мамилеси өзгөрдү. “Тендерде убакытты кечиктирдиңер” деп сөгүш берди. Андан кийин жумуштан алды. Биз жумуш жүрсүн дедик», — деди ал.

Кулпек-Сай айылынын айыл башчысы Жаныбек уулу Умар айыл өкмөт башчынын тууганы тарабынан курал менен коркутуп-үркүтүү болгонун, ушундан улам күч органына кайрылгандыгын айтты.

«Биздин пикир келишпестиктин башталышы тендерге барып такалат. Айыл өкмөт башчы, туугандары тарабынан «Тендерди биз айткан компанияга бересиңер» деген сыяктуу сөздөр болгон. Бирок биз андай кадамга барган жокпуз. Ушул жылдын 12-мартында өкмөт башчынын тууганы мени чакырып, короодон чыктым. Ал: “Унаага отур, сүйлөшөлү” деди. Мен унаага отурган жокмун. Талашып-тартыша кеттик. Анан эле курал көтөрүп, “Сени атып салам” дегенде, качып жөнөдүм. Жанымда эки досум бар болчу. Алар аны кармап калышты. Милицияга ал оюнчук пистолет болчу деп жатыптыр. Жанымдагылар чыныгы курал болгонун айтып жатышат. Мен деле ошондой көргөм. Ала-Бука РИИБге кайрылгам, алар кандай тергешет билбейм», — деди ал.

Ал эми ысымы аталып жаткан айыл өкмөт башчы Абдибаит Азимов мурунку айыл башчылардын айткандарын курулай доомат катары сыпаттап, тендерге таасирин тийгизбегендигин, буга чейинки бир катар объектилердин бүтпөй жаткандыгынан ошондой алешемдиктерге жол бербөө үчүн мыйзамдуулугун карагандыгын белгиледи.

Пример HTML-страницы

«Кулпек-Сай айылына жолго асфальт төшөө үчүн 30-декабрда тендер жарыяланып, 2 компания катышкан. Мен 11-январда жыйын өткөрүп, ден соолугума байланыштуу 12-январда борборго кеттим. Тендердегилер мен кетерим менен 14-январда компаниянын бирине протокол чыгарышып, мага WhatsApp тиркемеси аркылуу жөнөтүшкөн. Алар асфальт-бетон заводу бар компаниянын эмес, аны ижарага алып иштеткен ортодогу компаниянын тандап алышкан. Анын өтүүсүнө айыл башчылар кызыктар болушкан.

17-январдан 21-январга чейин мамлекеттик сатып алуу боюнча окууга атайын өзүм акча төлөп окудум. Ошол жерде жол боюнча өткөн тендерди көрсөттүм. Эксперттер туура эмес экендигин айтышты. Эки компаниянын тең документтери жетсишсиздигин, биз эске албай калган жагдайлар бар экенинин билдим. Мен башында эле тендердик комиссиягадыгаларга: «Мыйзамдуулугун карап бергиле. Кемчилдиги болсо келишим түзбөймүн» деп айткам. Тендерди алар өткөргөнү менен колду мен коем. Эртеңки күнү алардын эмес менин жоопкерчилигим көбүрөөк болот. Туура эмес экенин билип ал кадамга барбаймын да. Мен асфальт-бетон чыгаруучу заводу бар компания тандалса жакшы болорун айттым. Эки айыл башчы тең тендерден эмес, өз жумуштарын аткара албагандыктан жумуштан алынды. Мен ишке келгенден бери өкмөт кызматкерлерине: “Иштей албасаңар, тууганым болсоңор да иштен кетесиңер” деп эскертип келе жатам. Кулпек-Сай айылынын мурунку айыл башчысын 6 айга сыноо мөөнөтүндө алгам. Жалпы 8 ай иштеди. Бирок ал өзүнө тийиштүү иштерди жасай алган жок. Муну айыл элинин алдында да айтып бердим. Тууганчыл болуп кеткен жерибиз бар экен. Бишкекте жүрүп, көп нерсени билбей калыптырмын. Мен борбордон ушул жердин инфраструктурасын жакшыртууну көздөй келгенмин. Биздин өкмөт 2013-жылдан баштап дотациядан чыккан. 100 миллион сомдон ашык бюджети бар өкмөттө көзгө көрүнүкүү иш жасала элек. Асфальт басыла элек жолдорго асфальт басылганы боюнча документтер бүтүп кеткен. Документтерде таза суу чыкканы боюнча да жүрөт. А чынында таза суу чыккан эмес. Бюджетине жараша өнүгүү болбой жатат. Бул жерде ич ара тил бириктирип алып эле иш жүрө берет экен. Ошондой кадамдар болбосу үчүн күрөшүп жатам. 35-40га чукул даяр долбоорлорум турат. Кадрлардын тажрыйбасыздыгы, мында ушундай бут тосуулардан улам жүзөгө ашырууда кыйынчылык жаралып жатат. Ар ким өз таанышына тарта берсе, бизде кайдагы өнүгүү болот», — деди өкмөт башчы.

Айыл башчылар айтып жаткан окуялар чындыкка туура келбей турганын белгилөөдө.

Жалал-Абад ОИИБден алынган маалыматка караганда, бул окуя Ала-Бука РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Жабырлануучу катары арыз жазган жарандын арызынын негизинде КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренеси же майда бейбаштык менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Коркутту делген тапанча алынып, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Көк-Таш айыл өкмөтүнүн бюджети 120 миллион сомго барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️