Кызыл-Кыядагы милиционерлер чак түштө мэрияны курчоого алышты (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарынын мэриясынын имаратын милиция толугу менен курчоого алып, коопсуздукту камсыздап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 12:40 чамасында Кызыл-Кыя ШИИБге Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын кызматкери кайрылып, анонимдүү электрондук почтадан мэриянын имаратына жарылуучу зат коюлган деген маалымат келгенин билдирген. Бул кабар Кызыл-Кыя ШИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Ыкчам тергөө тобу жана өздүк курамы толугу менен аталган жерге барып, мэриянын кызматкерлерин жана ошол жерде жүргөн жарандарды толугу менен эвакуациялады. Имараттын айланасындагы унаалар коопсуз жайга жылдырылып, мекеме милиция кызматкерлери тарабынан толугу менен курчоого алынып, атайын үйрөтүлгөн кызматтык иттер жана саперлор имаратты текшерүүгө алышты.

Оштогу окуя:

Бүгүн милиция Ош шаарынын мэриясынын имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат текшерилип жатканын кабарлаган.

Пример HTML-страницы

Ал жерге милиция кызматкерлери, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү барган.

Кийинчерээк Ош ШИИБ Ош мэриясынын имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жоктугун, кызматкерлердин имаратка кирип иштөөсүнө уруксат берилгенин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️