Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыядагы дүкөндөн 230 миң сомдук алтын чынжырлар уурдалган. 34 жаштагы келин кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен облусунун Кыл-Кыя шаарында уурулукка шектелип 34 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну С.Д. Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан «Таштемир ажы» соода базарынын ичинде орун алган алтын саткан дүкөнүнөн белгисиз адамдар тарабынан жалпы баасы 230 миң сом болгон эки даана алтын чынжыр уурдалганын айтып, арыз менен кайрылган. Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кылмыштын изи сууй электе Ош облусунун Ноокат районунун 34 жаштагы тургуну У.Д. (аял киши) кармалды.

Уурдалган буюм өз ээсине кайтарылып, учурда тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE