Кызыл-Кыяда үлпөт тойдогу айдоочуга 15 миң сом айып салынды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарындагы жолдо «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын артты көздөй айдаган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал унаасын үйлөнүү тойдо шаардын негизги жолдорунун биринде арты менен айдап, башкаларга тоскоолдук жараткан. Айдоочуга 15 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына киргизилди.

Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 189-беренеси (автоээнбаштык).

  1. Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети. Жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️