Кызыл-Кыяда түндө көчөдө жарамазан айтып жүргөн өспүрүмдөргө рейддер уюштурулууда

TurmushКызыл-Кыя шаарында түндө улуулардын көзөмөлү жок көчөлөрдө жүргөн өспүрүмдөргө карата рейддер уюштурулууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, азыркы Орозо айында өспүрүмдөр жарамазанды унаа өтүүчү жол четиндеги ашкана-кафелерге, эл көп жыйылчу соода борборлоруна айтышкандыктан алардын коопсуздугун сактоо максатында Кызыл-Кыя ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери түн ичинде атайын рейддерди уюштурууда. Ооз ачылгандан кийинки убакта өспүрүмдөр ата-энелеринин көзөмөлүнөн чыгып, акча табуу максатында кооптуу жерлерде жарамазан айтып жүрүшкөндүктөн аларга милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары таравих намазынан кийин өз алдынча жүрүп, топтошуп мушташууларга, укук бузууларга жол бербөө, кылмыштуулукту алдын алуу максатында милиция кызматкерлери мечиттерге барып, таравих намазына келген өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөп, кеңештерин беришти.

Түнкүсүн ата-энесинин көзөмөлүнөн чыгып, өз алдынча жүргөн 5 өспүрүм аныкталып, ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесинин (ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️