Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыяда кырсыктан кийин жүргүнчү айдоочуну жол аралата кубалаган. Окуя кантип аяктады?

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыктан кийин жүргүнчү катары бара жаткан жаран бейбаштык жасаган.

Айыпталуучу Мирбек (аты өзгөртүлдү, М.у.М.) Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган, орто билимдүү, бойдок, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес. Убактылуу Бишкек шаарында жашайт.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) 1-бөлүмү боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, кылмыш ишке себеп болгон окуя жол-транспорт кырсыгынан кийин болгон. Кызыл-Кыя шаарында жабырлануучу Шамил (аты өзгөртүлдү, А.Ш.О.) жана Т.Ы.Т.нын башкаруусундагы унаалар жол кырсыкка кабылган. Амир унаада жүргүнчү катары бара жатып автоунаадан түшкөн. Ал Шамилдин бетинин сол тарабына муштум менен уруп, унаадан түшкөн кезде кайрадан уруп, жол аралата кубалап уруп, коомдук жайда бейбаштык аракеттери менен денесине жаракат келтирген.

  • Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Шамил денесинин ден соолугунун бузулушуна алып келбеген жеңил жараат алгандыгы аныкталган.

Жабырлануучу жана мыйзамдуу өкүлү сот отурумда тосмо арыз келтирип, айыпталуучу менен өз ара жарашуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөнүн, макулдашууга ылайык айыпталуучуну жаза жоопкерчилигинен бошотуп, кылмыш ишин кыскартууну суранды.

Жыйынтыгында Кызыл-Кыя шаардык сотунун 2023-жылдын 9-октябрдагы токтому менен кылмыш иш кыскартылып, Мирбек кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулду.

Ал сот залынан камактан бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE