Кызыл-Кыяда дүкөндүн чатырын тешип кирип, уурулук кылууга шектелген бала кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарында уурулукка шектелген өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, милицияга Кызыл-Кыя шаарынын 37 жаштагы тургуну кайрылган. Ал шаардагы телефон саткан дүкөнүнө белгисиз адам дүкөндүн чатырын тешип кирип, сатыкта турган «РS-5» жана «iPhone» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду уурдап кеткенин билдирген.

Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБде катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуга жалпысынан 400 миң сомго жакын чыгым келтирилгени аныкталган. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип Ноокат районунун 16 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарынан кармалып тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Уурдалган телефондор өз ээсине кайтарылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️