Кызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жигит Бишкек шаарынан кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарында бирөөнү уруп, кийин башканы алдап изин жашырып жүргөн адам Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 22 жаштагы тургуну А.Б. коомдук жайда 24 жаштагы Т.Н.ны эч бир себепсиз уруп, анын унаасынын алдыңкы айнегин сындырып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Андан кийин Ноокат районунун 40 жаштагы тургунунун «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаасын баалап алып, акчасын бербей изин жашырып кеткен.

Жогорудагы окуялардан кийин жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылган. Бул арыздар Кызыл-Кыя ШИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) жана 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иш козголгон. А.Б. Бишкек шаарынан кармалып Кызыл-Кыяша жеткирилди.

Учурда убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️