Кызыл-Кыяда «Айданек» бала бакчасы кеңейтилип, дагы 60 бөбөктү кабыл алууга шарт түзүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарындагы «Айданек» бала бакчасы кеңейтилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 126 жылдык маарекесине карата аталган балдар бакчасына кошумча 2 тайпа ачууга шарт түзүлүп, эмеректер жасалды. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 700 миң сом акча бөлүндү. Бул жерге кезекте тургандардан 60 бала алынат жана жаңы 6 жумуш оруну пайда болот.

Аталган бала бакча мурда 6 тайпалуу, 180 орундуу мекеме катары иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️