Кызыл-Кыяда 3 жылдан бери изделип жаткан адам Бишкектен кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыяда тергөө иштеринен качып кеткен адам 3 жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 1996-жылы туулган тургуну Кызыл-Кыя шаарындагы базарда «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү унаасын Кадамжай районунун 39 жаштагы С.Р. аттуу тургунуна саткан. Бирок ал акчасын бербей, изин жашырып кеткен. Бул иш боюнча С.Р.га кылмыш иш козголгон. Кылмыш иштин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан мурда сот жообуна тартылган, азыр издөөдө жүргөн 39 жаштагы С.Р.нын жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынан кармалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️