Кызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз салынган 62 объект буздурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз салынган курулуштар буздурулуп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө чейин 62 имарат буздурулган. Шаар боюнча өз билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алган жерлер жана мыйзамсыз курулуп калган 161 объект аныкталган. Анын ичинен 62 объекти буздурулуп, баштапкы калыбына келтирилген.

Ал эми 15 материал сот органдарына өткөрүлүп, 6 жаранга курулуштарды өзүнүн эсебинен бузуп, жерди баштапкы калыбына келтирүү боюнча чечим чыккан. 7 жаранга соттун чечими чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️