Кызыл-Кыя шаарында мамлекеттен 100 миң сомдон акча алган 75 үй-бүлө каражатты кайсы багыттар боюнча иштетип жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарында социалдык келишим менен мамлекеттен акча алган адамдардын көпчүлүгү каражатты мал чарбачылыгына иштетүүдө. Бул туууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө шаар аймагына бөлүнгөн социалдык келишимдин квотасы толугу менен бүттү. Быйыл шаары үчүн социалдык келишим түзүү үчүн 75 квота бөлүнгөн. Шаардын 75 тургуну акчаларды алып иштетип жатат.

Акча алгандардын бизнес пландарынын тармактык багыттары:

— Мал-жандык багуу – 30 адам;

— Тоок багуу – 1 адам;

— Соода сатык – 16 адам;

Пример HTML-страницы

— Такси кызматы – 6 адам;

— Тигүүчүлүк – 8 адам;

— Кондитердик иш – 1 адам;

— Сулуулук салону – 1 адам;

— Ширетүү иштери – 1 адам;

— Бала бакча ачуу – 1 адам.

Социалдык контракт деген эмне?

Социалдык контракт — бул аз камсыздалгандыгы боюнча ай сайын жөлөк пул алган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнүн жаңы түрү. Аз камсыздалган үй-бүлөнүн каалоосу боюнча социалдык өнүгүүнүн аймактык органдары менен өз ара милдеттенмелер тууралуу макулдашуу түзүп, жөлөк пулдун жылдык же жылдык суммасынан 75% алса болот. Бул каражат мал чарбасын, өсүмдүк өстүрүүнү же майда ишкерликти өнүктүрүүгө жумшалса болот. Социалдык контрактка катышууну каалаган ар бир үй-бүлө социалдык адаптация программасын иштеп чыгып, аны социалдык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу жана көмөгү менен ишке ашырат.

«Социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун бекемдөө» долбоору Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Бүткүл дүйнөлүк банктын тобуна кирет) тарабынан 30 млн долларга (кредит) каржыланган. Кредиттик каражат 38 жылга 1,25 бир жылдык үстөк пайыз менен берилген.

Социалдык контракттын сунушталган стратегиясы республика жана Бишкек шаары («Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандар) боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө багытталган. Социалдык жардам социалдык келишимдин негизинде 100 000 сом өлчөмүндө берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️