Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыя шаарында бүтүрүүчү кыздар кармалды. Жаңы жагдайлар

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыяда 17-18 жаштагы 4 кыз кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 2023-жылдын 25-май күнү Кызыл-Кыя шаарындагы мектептердин биринин дубалдарына белгисиз адамдар тарабынан «Разрушай то что разрушает тебя» («Сени кыйратканды жок кыл»), «Ваше камера ничего не решает» («Сиздин камераңыз эч нерсени чечпейт») жана «Ради Аллаха не ставьте музыку» («Аллах үчүн музыка койбогула») деген жазуулар калтырылып, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдун желеги катары колдонулган («ИГИЛ») кара түстөгү желекти таштап кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул окуя боюнча 2023-жылдын 1-июнь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүмүндө (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармагы аркылуу пайдалануу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Кызыл-Кыя ШИИБдин ЭММКАКнын ыкчам кызматкерлери жана УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө окуя болгон аймакта жүрүм-туруму шек жараткан адамдардын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 18 жана 17 жаштагы 4 кыз шектүү катары кармалышкан.Алар мектепти быйыл бүтүрүшкөн.

Тинтүү учурунда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдарга таандык китептер алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда ыкчам тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин Баткен облусунда Кыргызстанда тыюу салынган «Ислам мамлекети» террордук уюмунун желеги табылганын 2-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирген болчу.

Маалыматка караганда 25-май күнү Кызыл-Кыя шаарындагы Ч.Айтматов атындагы №5 орто мектепте бүтүрүүчүлөрдүн тактасынын жанына «Ислам мамлекетинин» желеги илинип, жазуулар калтырылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн аныкталган. Алар аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү — А.М.У., И.З.З. жана М.М.Г. болгон.

Алардын биринин уюлдук телефонунан «Ислам мамлекетинин» желеги кандай жасалары тууралуу тартылган видео табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE