Кызыл-Кыя шаарында 250 үй-бүлөгө акысыз азык-түлүк таратылды

TurmushКызыл-Кыя шаарында аз камсыз болгон 250 үй-бүлөгө акысыз азык-түлүк берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аларга жардам катары ун, май жана башка азык-түлүктөр берилген. 250 үй-бүлөнүн тизмеси Кызыл-Кыя шаардык эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо бөлүмү тарабынан түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️