Кызыл-Кыя мэриясынын имаратына жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаардык мэриясында жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 22-август күнү Кызыл-Кыя ШИИБге шаардык мэриянын имаратына жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Анын негизинде Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам тергөө тобу, өздүк курамы коопсуздукту камсыздоо максатында жерине барып, эвакуация иштерин жүргүзүп, коомдук тартипти көзөмөлгө алган.

Андан сырткары Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы инженердик аскер бөлүгүнөн сапер кызматкерлери үйрөтүлгөн кызматтык иттердин коштоосунда текшерүү иштерин жүргүздү. Натыйжада жардыруучу зат табылган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️